Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-7
№ 2 орто мектебинин долбоорунун негизинде жергиликтүү бюджеттен 604 080 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын № 2 орто мектебинин мүдүрү Р.Ш.Ялышеванын маалыматын угуп,талкуулап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып,Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын № 2 орто мектебинин мүдүрү Р.Ш.Ялышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын ШБББнө Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен 500,0 миң сом жана 2016-жылга түшкөн салыктын эсебинен 104 080 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы ШБББ башчысы (Д.И.Караевага) жана № 2 мектебинин мүдүрү (Р.Ш.Ялышевага)жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Р.К.Бакалаевка) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко)жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |