Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-9
“Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” мекемесинин жумушчуларына кошумча үстөк акы катары 268500 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” мекемесинин жетекчиси З.К.Анарбаевдин докладын угуп талкуулап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” мекемесинин жетекчиси З.К.Анарбаевдин доклады эске алынсын.
2. Шаардын “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемесинин көчө шыпырган (дворниктерге), сквер,паркты караган жумушчуларга (сторож,озелинитель) жана аркыл жумушчуларга (разнорабочие) кошумча үстөк акы катары 268500 сом акча каражаты берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен шаардык “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” мекмесине бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” мекмесинин жетекчиси З.К.Анарбевка жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Р.К.Бакалаев) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К. Барбиев |