Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-11
Шаардын ички бөлүгүндө жайгашкан имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн смета түзүүго 458,0 мин сом акча каражат бөлүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын ички аймагында жайгашкан “Октябрь”кинотеатрынын, “Горный”лагеринин,Көк-Таш АБдагы “Ак Тилек”бала бакчасынын,З.Кутманова көчөсүндөгү бала бакчанын эки имараттарын Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен түрткү берүүчү грантынын негизинде капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн смета жасоого акча каражат бөлүү багытында шаардын мэри Н.А.Маматовдун билдирүүсүн талкуулап,шаардык кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын ички аймагында жайгашкан “Октябрь”кинотеатрынын, “Горный”лагеринин,Көк-Таш АБдагы “Ак Тилек”бала бакчасынын,З.Кутманова көчөсүндөгү бала бакчанын эки имараттарын Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен түрткү берүүчү грантынын негизинде капиталдык ремонттон өткөзүүгө смета жасоо үчүн 458,0 миң акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2016-жылдын 27-октябрындагы № 01-14/1643 сандуу катынын негизинде шаардын мэри Н.А.МАматовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Шаардын 2016-жылдын ичинде аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинде каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен 458,0 миң сом акча каражаты ММБнын эсеп счетуна которулуп берилсин
3. Муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысы (А.И.Айтиев) бөлүнүп берилүүчү 458,0 миң сом акча каражатты жогоруда аталган имараттарды капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн түзүлгөн сметанын кезегинин негизинде Кыргыз Республикасынын сатып алуулар боюнча мыйзамдарына бөлүп берүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Р.К.Бакалаев) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовго) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |