Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябыры №3-8-12
“Эмгек рыногунда атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуу максатында ЖЧК “МСЛЗ”га жана шаардагы иш каналарга 2016-жылга 6 жумуш орун 2017-жылга 5 жумуш орунга квота бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295,314 статьяларына ылайык шаарда эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган каалктын айрым категорияларын иш менен камсыз кылуунун кошумча гарантиялары жонундо Майлуу-суу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2016-жылдын 29-июнь айындагы № 328 жан 10-октябрь айында № 542 кайрылуу каттарын карап чыгып,Майлуу-Суу шаардык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 295-328 статьяларына ылайык жана райондун аймагында менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдарда иштеген жумушчулардын орточо санынын Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин граждандардын категорияларын ишке кабыл алуу үчүн атайын жумуш орундарынын (квота) саны 2016-2017-жылдарга карата “Электроламповый заводуна” жана шаардагы иш каналарга 2016-жылга 6 адам,2017-жылга 5адамды жумушка орнотуу квотасы бекитилсин..
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы (К.С.Базарбаев) жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы (А.Э.Сагындыковага) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |