Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-13
2016-жылдын 18-июлунда № 2-8-2 сандуу чыккан токтомунун 8-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын ММБ мекемесинин кайрылуусун эске алып,шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын ММБ мекемесинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-жылдын 18-июлунда № 2-8-2 сандуу чыккан токтомунун 8-пунктун 2-бөлүгү (ШММБнын эки жетектөөчү адисине деген бөлүгү)жокко чыгарылсын.
3. Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2016-жылдын 18-июлунда № 2-8-2 сандуу чыккан токтомунун 8-пунктун 2-бөлүгүнө (ШММБнын эки жетектөөчү адисине деген бөлүгү)бир башкы адис(Култаева Г.А.) жана бир жетектөөчү адис (Эназарова Э.Б.) деп өзгөртүү киргизилсин жана 2016-жылдын 1-январынан баштап ар бирине айына 1000 сомдон кошумча төлөө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы ММБ мекмесинин жетекчиси (А.И.Айтиевке)жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (Р.К.Бакалаевка) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |