Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлунун № 4\3
Алай райондук үй бүлөлү медицина борборунун № 0215-251 28-июль 2016-жылдагы катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жобосунун негизинде, эки эмкананын арасында аралык 10 км ге жетпегендигине байланыштуу, бул эмкананалардын аралыгы 1 км болгондуктан Боз-Караган эмканасын жабуу максатында Коңур – Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук үй бүлөлү медицина борборунун № 0215-251 28-июль 2016-жылдагы каты жетекчиликке алынсын,аткарылышы камсыз кылынсын.
2. Курманжан Датка 200 эмканасы менен Боз-Караган эмканасынын аралыгы 10 кмге жетпей,эки эмкананын аралыгы 1км болгондуктан Боз-Караган эмканасы жабылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу айылдык Кенештин саламаттыкты сактоо , социалдык мадания жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |