Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2005-жылдын 24-февралы № 31/8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы «Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу № 360 токтомуна ылайык, районго тиешелүү Ортонку жана алыскы жайыт эсебиндеги жайыттарга келтирген экологиялык зыяндарды калыбына келтирүү жана жайытка алынуучу ижара акыларын бекитүү жана салыкты жергиликтүү бюджетке калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-статьясынын 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.06.2002-жылдагы № 360 «Жайыттарды ижарага, беруу жана пайдалануу жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралу токтомуна ылайык, Ортонку жана алыскы жайыттарды рационалдуу пайдалануу, жайыт жерлерин жакшыртуу жана ижара акылардын эсебинен жайыттын жолдорун, копуролорду, суу чыгарылуучу тутукчолорду ондоо жана башка жайыттарга келтирген экологиялык зыяндарды калыбына келтирүү, ошондой эле жайыт жеринин салыктарын жергиликтүү бюджетке калтыруу максатында
Депутаттардын Нармн райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун айрым жайыт участкаларында эл жыш олтурукташып жайыт жерике оорчулук келтирип жаткандыктан жана калктын суроо-талабы коп болгондуктан Долон, Сарыбулак, Экиоттук, Тепши, Экичат, Чункурсуу, Байдулу, Бел жайыт участкаларынан алынуучу ижара акы 10 сом 60 тыйын болуп бекитилсин. Ушул эле ижара акы биргелешип алган ижарачыларга да белгиленсин, жер самыгы ижара акысынын ичинен 2 сом 65 тыйындан алынсын.
2. Чонкаракужур, Кичикаракужур, Солтонсары, Арчалуу, Кокторпок, Караталжапырык, Карабодур, Кумбелсуу, Тешик, Кыргоо, Чойжап, Экинарын, Ортоарчалуу участкаларынын ижара акысы 7 сом 95 тыйындан бекитилсин, жер салыгы ижара акысынын ичинен 2 сом 65 тыйын жергиликтүү бюджетке алынсын.
3. Айрым жайыт участкаларын конкурстук тартипте беруу жана конкурстун женуучусу менен жайыт участогун ижарага беруу, ошону менен бирге келишим тузууго баштапкы баасы негиз болуп, баа райондук комиссиянын кароосу менен аныкталсын.
4. Райондун копчулук айыл Окмотторундо ижарага берилуучу жайыт жерлерин эл каалагандай пайдаланып ижара акысын, жер салыгын толобогондорго чара коруп, оз убагында толотуп туруу жаты райондук жер жана жайыттар болумуно (А.Садыров) милдеттендирилсин.
5. Ал эми ортонку жана алыскы жайыттарды ар бир айыл боюнча тактап чыгуу айыл Окмотторуно, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо башкармасына (С.Акматов), райондук архитектурага (К.Бейшебаев) милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жаты Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары И.Абдыгазиевге тапшырылсын.
7. Бул чечим «Жибек-Жолу» газетасына жарыялансын.
Нарын райондук кеӊешинин төрагасы |
А. Сабырбеков |