Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 22-марты №2
Жалалабат шаарынын архитектурасы, турак-жай коммуналдык чарба Департаменти, шаарды санитардык тазалоо жана жашылдантыруу чарбалары тарабынан 2006-жылы аткарган жумуштары жана 2007-жылга милдеттери жөнүндө
Жалалабат шаарынын шаар куруу бөлүмү тарабынан 2006- жылга алдын - ала берилген план талшырма боюнча шаар куруу бөлүмү 1100,0 миң сом өлчөмүндө калкка кызмат көрсөтүү каралган болсо, анык аткарылганы 1445,7 миң сомдук кызмат көрсөтө алды жана план тапшырма 132% га аткарылган. Ошондой эле шаар аймагынан 189 жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участоктору берилген, бул жер аянттарына жана мурдатан калыптанып калган турак райондоруна бары болуп 502 үй долбоору жасалган 123 даана турак үйлөр эксплуатацияга кабыл алынды. Куруулган үйлөрдүн жалпы аянты 11542 м2 түзөт, ал эми баасы 69252,0 миң сомду түзот. Шаар акыркы мезгилде түзүлгөн башкы планы боюнча (эсептик мөөнөтү - 2025-жыл) шаардын аймактык өсүүсү аныкталган жана келечекте бул багыттар боюнча иш жүргүзүлөт. Шаар куруу бөлүмү архитектура тармагында мыйзам бузучуларга жоп бербоо жана мындай маанидеги фактыларды өз убагында карап, аныктап жеринде оперативдүү чара көрүү боюнча шаардын ар бир коомдук аймактык башкарууларына адистер дайындалган жана бул 11.10.2006-жю № 41 буйрук менен бекемделип каттуу көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле, шаар куруу бөлүмүнүн алдында түзүлгөн, Жалалабат шаардык делутаттар Кеңешинин 24. 05. 2006-жыл XVIII сессиясында №16 токтому менен берилген сырткы жарнама жана дизайн боюнча бөлүм, ошого катар бекитилген жоболордун, эрежелердин негизинде корнөк-жарнак обьектилерин жөнгө салуу жагында белгилүү жумуштар аткарылган. Шаарыбыздын калкынын саны күндөн-күнгө өсүп жатат, ал эми жеке-менчик үй курганы жер участогу болсо жок, ошого байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл. Бүгүнкү күндө бүтпөй жана курулушу башталып токтоп калган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун кайрадан жандандырып куруу үчүн ипотекалык кредиттерди берүүнү чечүү керек, ансыз жогоруда айтылган проблемаларды чечүү мүмкүн эмес.
Бул маселе боюнча шаардык архитектура бөлүмү тарабынан төлүк кандуу иш жүргүзүлбөй келе жатат.
Турак-жай коммунапдык чарба депортаменти 2006-жылда аткарган жумуштары жана ага баш ийген бөлүмдөр тарабынын 2006-жылда 7 530 055 сомдук жумуш аткарылды,
Ал эми 2005-жылы 2 530 105 сомдук жумуш аткарылган, 2005-жылга салыштырмалуу 2006-жылы 34% га көп жумуш аткарылды.
2006-жылы шаар көчөлөрүндөгү асфальтталган жолдорду жамоодо 345 239 сомдук жумуш аткарылган жана 2005-жылга салыштырмалу 15 %га кеп жумуш аткарылды.
Жарыктандыруу бөлүмү тарабынан шаарыбыздагы Кыргыз Республикасы, Б. Осмонов, А. Чехов, Д. Шопоков, Барпы сейил, Куркура жана Курманбек (жарымы) көчөлөрүнө жаңы, эски светильниктер орнотулуп 829 333 сомдук жумуш аткарылды. Өткөн 2005-жылга 607 719 сомдук жумуш аткарылган болсо, 2006-жылы өткөн жылга салыштырмалу 2006-жылы 1,5 %ке кеп жумуш аткарылды.
Бирок, турак-жай коммуналдык чарба департаменти 2007-жыпдын 1-январына 3175567 сом- карыз. Анын ичинен: «Жалалабатводоканал» башкармалыгынан - 224 657 сом. Жалалабат шаардык электроэнергиясы сарптоо ишканасынан - 410 000 сом, СМЭУ ГАИ -187 367 сом, АК «Айти» -285159 сом, ЖМК «Асыл» - 99 236 сом, ААК «Жалалабат АБЗ» - 258620 сом, АК «Кербен Курулуш» - 111 312 сом, МЧК «Вираж Сервис» - 790 027 сом, социалдык фондка - 402 770 сом.
Жалалабат шаарынын саночистка спецавтобазасы 2006 жылга 160,8 мин м3 таштандылар чыгарылган, мындан шаардын жашоочуларынан 105,5 миң м3, мекеме уюмдардан 46,5 миң м жана благоустройство 8,8 миң м3.
Саночистка спецавтобазасынын киреше бөлүгү 2006 жылга 7445,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен бюджеттен 2587,9 миң сом, калктан эсебинен топтолгону 2796,7 миң сом жана мекеме уюмдардан эсебине 2060,7 мин, сом топтолгон. Ал эми саночистка спецавтобазасынын 2006-жылда жалпы чыгашасы 7445,3 миң сомду түздү.
Саночистка спецавтобазасынын дебитордук карызы 1670,0 миң сом, мындан калктын карызы 712,0 миң сом, ал эми кредитордук карызы соц. фондко -1117,Омиң сомду түзөт.
Шаардык Кенештин туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап шаардык Кенештин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалалабат шаарынын шаар куруу бөлүмүнун, Жалалабат шаарынын турак-жай чарба Департаменти, санитардык атайын автобазасынын жана жашылдандыруу ишканаларынын 2006-жылга аткарган иштери боюнча маалыматтары кабыл алынсын.
2. Жалалабат шаарынын шаар куруу бөлүмүнүн башкы архитектору (М. Жороевге) 2006-жылга шаар аймагында өз алдынча мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жеке куруучуларгз- жана ишкана-мекемелердин жетекчилериге мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлбөгөнү, шаарда куруу иштери талаптагыдай тейлөнүсүн камсыздабаганы эске алынсын.
3. Жалалабат шаарынын шаар куруу бөлүмүнө үстүбуздөгү жылдын биринчи жарым жыл ичинде:
- рейддер уюштурулуп, алардын жүрүшүндө көптөгөн өз алдынча курулуш жүргүзүү, реконструкциялоо жана эң эле мыйзамга тура келбеген, бөлүнүп берилген жер аянттарын кеңейтүү, көчө тарапка чыгуу фактылары аныкталып мызам чегинде чара көрүү жана архитектура тармагында мыйзам бузучуларга жол бербөө жагы милдеттендирилсин;
- шаардын түнкү көркөмдүгүн өзгөче көрсөтүү багытында да иш-чаралар көрүү, борбордук көчөлөрдүн боюнда жайгашкан ар- кандай объектилерге түнкү жарыктандыруу, жарык-иллюминациялык элементтерди орнотуу боюнча иш-чараларды аткаруу жат көзөмөлгө алынсын;
- шаарды жашылдантыруу жана көрктөндүрүү боюнча генералдык план иштеп чыгуу жана аны көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
4. Жалалабат шаарынын турак-жай чарба Департаментинин, санитардык атайын автобазасынын жана шаардын жашылдандыруу ишканаларынын 2006-жылда жүргүзгөн иштерин канааттандырарлык деп белгиленсин.
5. Жалалабат шаарынын турак-жай чарба Департаментине (А. Бааевке) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2007-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун «Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын түзүлгендүгүнүн 130 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө» белгиленген иш-чараларды өз убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
6. Жалалабат санитардык атайын автобазасына (М. Эгембердиевке) шаардын аймагында санитардык тазалыкты камсыз кылуу максатында:
- шаардагы жашоо массивтерди жана кечелердү ез убагында тазалоо боюнча жумуштарды аткаруу, таштандыларды графиктин негизинде алуу жана ташуу милдеттендирилсин;
- шаардагы бардык ишкана-мекемелер жана жеке тургундар менен келишимдерди түзүп, алар менен керсеткен кызмат төлөмдөрүн ез убагында төлөнүүсүн камсыз кылуу;
- ишкананын балансында турган атайын техникаларды, жабдууларын сактоо жана толук кандуу иштетуу.
7. Шаардын жашылдандурууишканасына (К. Маматаевке):
- шаардык куруу бөлүмү иштеп чыгарган шаардын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча генералдык планынын негизинде иш алып баруу жана аны аткаруу;
- шаардагы бак-дарктарды, эгилген көчөттөрдү, газондорду жана гүлзарларды өз убагында суу менен камсыз кылып, аларды өстүрүү жана сактоо жеке жоопкерчилиги милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Зулпукаровго жана шаардын мэринин биринчи орун басары Т.Бекбоевке жүктөлсүн.
Жала-Абад шаардык кеңешини төрагасы: |
А. Маматжанов |