Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-апрели № 4
Шаардагы коомдук маршруттук транспорттордун калкка көрсөтүүчү кызмат акысын төмөндөтүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы М. Зулпукаровдун маалыматын угуп, шаардын жашоочуларынын сунуштарын эске алып, ошондой эле куючу-майлоочу заттардын арзандоосуна байланыштуу Жалал-Абад шаардык кенештин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык коомдук маршруттук транспорттордо жүрүү акысы 6 (алты) сом болуп тузүлсүн.
2. Жалал-Абад шаардык кенешинин 29-май 2008-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын № 5 токтому жокко чыгарылсын.
3. Токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого беруу шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Адылов) жүктолсун.
4. Жол киренин төмөндөтүлгөндүгүнун себебин коомдук маршруттук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агентствосуна (М. Калмурзаев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун массалык маалымат каражатарына жарыялануусун камсыз кылуу жагы шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын козомөлго алуу жагы шаардын 1- вице мэрине (А. Мамаджанов), шаардык кенештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсүн.
Төрага | Т. Энназаров
|