Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXV-чакырылышы кезексиз IV – сессиясы
2009-жылдын 24-февралы №3
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «К-1» коэффициентин бекитип берүү» тууралуу мэриянын 02.02. 2009-жылдагы № 01 -11/65 кайрылуу каты жөнүндө
«Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «К-1» коэффициентин бекитип берүү» тууралуу мэриянын 02.02. 2009-жылдагы №01-11/65 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Шабдановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Taш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV- чакырылышынын кезексиз IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «К-1» коэффициентин бекитип беруу» тууралуу мэриянын 02.02. 2009-жылдагы № 01-11/65 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Шабдановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлери эске алынсын /кайрылуу тиркелет/
2009-жылга Таш-Көмүр шаары боюнча Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «К-1» коэффициенттери төмөнкүдөй зоналарга бөлүнүп, бекитилсин.
№ п/п | Калктуу конуштардын жана тармактардын аталышы | K1 - зоналдык коэффициентинин өлчөмү
|
Ташкөмүр шаары боюнча
| ||
1 | Северныйдан мостко чейин | 1,0
|
2 | Северныйдан Мостко чейинки өнөр жай иш канадары (шахты, "Тегене" ЖЧК, ШСУ) | 2,0
|
3 | Мосттон Дон кыштакка чейин
| 1,2 |
4 | Дон Кыштактан Эски мечитке чейин
| 1,3
|
5 | Курулуш кичи районунун аймагы
| 1,5 |
6 | Темир жолдун алды жана Шопоков көчөлөрүнүн аймактары | 0,8 |
7 | Промзона
| 1,5 |
8 | Кристалл заводунун аймактары
| 2,0 |
9 | ПС ГЭСтин объектилери
| 2.0 |
10 | Куйуучу жана майлоочу заттарды сатуучу станциялар жана сактоочу базалар (Таш-Комур шаары, Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчалары боюнча ) | 1.8 |
11 | Кызыл Алма кичи районунун аймагы
| 0,8 |
12 | Кызыл Алма кичи районунун аймагындагы өнөр жай ишканаларынын объктилери | 2,0 |
13 | Теңдик коомдук комитетинин аймагы
| 0,8 |
Шамалды-Сай шаарчасы боюнча | ||
14 | Кыргызстан көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин
| 1,5 |
15 | Пушкин көчөсүнөн Солнечная көчөсүнө чейин
| 1,2 |
16 | Исанов, Кураева, Набережная, Восточная көчөлөрү
| 1,2 |
17 | Южная КОЧОСҮНӨН Н Ажыканов көчөсүнө чейин. Заречная көчөсү
| 1,0 |
18 | Темир жол кичи районунан 1-12 чи кабат үйлөргө чейин
| 1.0 |
19 | Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы өнөр жай ишканаларынын объектилери
| 2,0 |
20 | Кызыл-Жар шаарчасынын аймагы
| 0,8 |
3. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалал-Абат облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
4. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXIV чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясынын 14.03.2008-жылдагы № 6 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин аддындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясына (Т. Шабданов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Чаргынов |