Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-июну № 16
Мэриянын 26.03.20090 жылдагы «Муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батир төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү боюнча № 01-11/173 кайрылуу каты жөнүндө
Мэриянын 26.032009 жылдагы «Муниципалдык үйлордо жашагандар үчүн батир толомдорүнүн тарифин бекитүү» боюнча №01-11/173кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV – чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 26.032009 жылдагы «Муниципалдык үйлөрдө жашагандар үчүн батир төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү» боюнча №01-11/173 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Муниципалдык үйлордо жашагандар үчүн батир толомдорүнүн тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. Бул токтомдунормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кулуу жагы шаррдык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысы Т.Айтикеевге жүктөлсүн.
Төрага |
А. Т Чаргынов |