Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXV чакырылышы кезектеги 6-сессиясы
2009-жылдын 12-июну № 15
Мэриянын 26.03.2009-жылдагы «Үйлөрдөн чыккан катуу жана тиричилик таштандылары үчүн акы төлөөнүн тарифин бекитүү боюнча № 01-11/173 кайрылуу каты жөнүндө
Мэриянын 26.03.2009-жылдагы «Үйлөрдөн чыккан катуу жана тиричилик таштандылары үчүн акы төлөөнүн тарифин бекитүү» боюнча № 01-11/173 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.К. Шабдановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV- чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 26.03.2009-жылдагы «Үйлөрдөн чыккан катуу жана тиричилик ташгандылары үчүн акы төлөөнүн тарифин бекитүү» боюнча № 01-11/173 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.К. Шабдановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. «Үйлөрдөн чыккан катуу тиричилик таштандылары үчүн акы төлөөнүн тарифи» боюнча бекиткен шаардык Кеңештин 02-апрель 2009-жылдагы сессиясынын № 7 токтому Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынын 2009-жылдын 07 майындагы № 21 буйругуна ылайык жокко чыгарылсын.
3. Үйлөрдөн чыккан катуу жана тиричилик таштандылары үчүн акы төлөөнүн тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
4. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсып.
5. Токтом Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кеңешинин жоопту катчысы Т.Айтикеевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Т. Чаргынов |