Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-июну № 14
Таш-Көмүр шаардык Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүүнүн жоболору жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүүнүн жоболору тууралуу шаардык Кенештин алдындагы 'Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кулдышевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Ташкөмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXV-чакырылышынын кезектеги 6 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүүнүн жоболору тууралуу шаардык Кенештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кулдышевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүүнүн жоболору тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркемелер тиркелет/
3. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
4. Бул жобо Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Т.Айтикеевке жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Чаргынов |
| Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXV-чакырылынынын кезектеги 6-сессиясынын № 14-токтомуна № 1-тиркеме |
1. Жалпы жобо;
2. Жободогу негизги түшүнүктөр;
3. Түз сатуунун жана соодалашуунун негиздери жана катышуучулары. уюштуруучуларьь
4. Жер учаеткаларына карата берилген укуктардын негизги шарттарьь
5. Жер участкаларын соодалоо үчүн тандоонун процедурасы жана даярдыгьь
6. Түз сатууну жана соодалоону откерүүнун чартиби;
7. Түз сатуунун жана соодалоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтерди бүткен түрго келтирүүнүн (оформление) тартиби;
8. Акча каражаттарын болүштүрүү;
1.1. Жобо Кыргыз Республикасынын жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарында жер участкаларын ижарага берүү же менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктарынын шарттарын жана тартибин аныктайт.
Муниципиалдык менчиктин карамагындагы жер участкаларын ижарага берүү же менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктары Жобонун негизинде жүргүзүлгөн соодалашуунун негизинде ишке ашырылат. Жобонун 3.2. пунктунда каралгандай жер участкаларын ижарага берүү же менчикке кайтарымдуу өткөрүү түз сатуу менен да жүргүзүдүшү мүмкүн. Мындай учурда мөөнөттүү (убактылуу) жер участкаларын пайдалануу ижаралоо шарты менен гана берилет.
1.2. Жобонун талаптары, жер участкаларын калыбына келтирүү процедурасынан тышкары, калган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган жер участкаларын кайтарымсыз берүү боюнча көрсөтмөлөргө колдонулбайт.
2.1. Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
Аткаруучу-тескоочү (уполномоченный) орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, шаардык мэриянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;
Аукцион - соодалашуунун формасы, мында жогорду бааны берген адам женүүчү деп табылат;
Белгиленген (фиксированная) чек ара-юридикалык иш-кагаздардын негизинде аймакта атайын бекитилген үлгүлөрдүн менен бекитилген, капиталдык имараттарга жана курулуштарга дайыма табигый ориентир берген же геодезиялык пунктарга байланышкан, бардык кайрылуу чекиттери белгилүү коордидаталарга ээ болгон жер участкасынын чек арасы;
Жерди ижаралоо - белгилүү убакка чейин акы төлөөнүн негизинде жер участкасын анын ээси тарабынан арендаторго (ижарага алуучу адам) колдонуу укугунун берилиши;
Жер участкасына жеке менчик укугу - КР Жер кодекси тарабынан бекитилген чектөөлөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактардын өздөрүнүн каалоосу боюнча тиешелүү жер учаткасына ээлик кылууга, колдонууга жана каалагандай пайдаланууга КР Конституциясы, КР Жер кодекси жана башка мыйзамдардын актылары менен корголгон жана таанылган укук;
Жер участкасын колдонууга берилген уруксат - бекитилген тартипте жерди пайдалшгуу жана шаарды куруу иш-кагаздарынын максаттуу милдеттерин эсепке алуу менен жергиликтүү нормативдик-укуктук актылардын (жерди пайдалануу жана куруу) негизинде жер участкасын пайдалануу;
Жер участкасынын башкы (адепки сатык баа) баасы - соодалашууга коюлган жер участкасынын башкы баасы;
Жердин максаттуу милдети - келишимде же башка укук берүүчү иш-кагаздары тастыктаган жер участкасына болгон укуктардын негизинде иш-кагаздарда көрсөтүлгөн максаттарда жер участкаларын пайдалануу;
Кепилдик төлөм - (гарантийный взнос) - жер участкасын сатып алуу максатында катышкан талапкер тарабынан киргизилген акчанын суммасы;
Kypyyнун жана жерди пайдалануунун эрежелери - шаарды куруу регламенттерин түздөн-түз киргизүү менен кыймылсыз мүлктүн объетилерин курулуштук өзгөрүүлөрүн (өнүгүүсү) жана колдонуусун жөнгө салган жергиликтүу өзүн-өзү башкаруу органдарынын нормативдик-укуктук актылары;
Кызыл сызыктар - пландоо түзүлүшүндө көчөнү жана жолду башка элементтерден бөлүп турган, көчөнү жана жолдун кеңдигин аныктаган жана чек ара болуп эсептелген сызыктар;
Кыймылсыз мүлктү көз-карандысыз баалоочу - белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча профессионалдык окуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүккө (сертификатка) ээ болгон жана учредитель, акционер, жеке менчик ээси болуп эсептелбеген адам, ошондой эле баалануучу объектиге мүлктүк кызыгууну жаратпаган же жогоруда белгиленген адамдар менен жакынкы туугандык мамиледе болбогон адам;
Лот - укукка ээ болуп, соодага коюлган конкреттүү жер участкасы;
Сары түз сызыктар - жер титирөөнүн ж.б. табигый жана техногендик кырсыктардын жыйынтьггында кыйраган имараттардын (курулуштар) аймагыдда белгиленген максималдуу мүмкүн болгон чектер. Сары сызыктар, эреже боюнча, имараттар жана курулуштардын ортосундагы аралыкты жөнгө салуу үчүн колдонулат;
Сынак (конкурс) - соодалашуудагы нерсеге карата сатын алуучудап белгилүү шарттарда талантарды аткаруу менен соодалашуудагы нерсени сатуу;
Түз сатуу - соодалашууну өткөрбөй туруп эле, түз сүй негизинде жеке жана юридикалык жактарга (арыз менен кайрылганда жер участкаларын ижарага же менчикке өткөрүү укуктарын берүү ыкмалары;
Шаар куруучулук регламента - (градостроительный регламент) - шаарды куруу ишмердүүлүгүн ишке ашырууда жер участкаларын жана башка кыймылсыз мүлктү колдонуунун жана куруунун уруксат берилген түрлөрүнүн жана жерди колдонуунун параметрлеринин эрежелеринин бекитилген шаар куруу иш-кагаздарынын (документацияларынын) жыйындысы;
Шаарды куруунун иш-кагаздары - аймактык жана райондук пландоонун долбоорлорунун, генералдык пландарынын, ар түрдүү функционалдык багыттагы аймактардын долбоорлорунун, калкты жайгаштыруу пунктарындагы шаарды куруу түйүндерүнүн ж.б. пландоо түзүлүшүнүн элементтеринин, кварталдарды куруу долбоорлорунун иш-кагаздары;
Чыныгы (фактический) чек ара - масштабда аткарылган, аймакта атайын бекитилген үлгүлөрдүн белгилери менен бекитилбеген, схемаларда көрсөтүлгөн жер участкасынын чек арасы;
3.1. Жер участкаларына карата кайтарымдуу менчикке же ижарага берүү Комиссиянын ачык соодалашуусунда жүргүзүлөт. Жер участкасын берүүгө тиешелүү Комиссиянын чечими КР мыйзамына ылайык сот тартибинде чечилиши мүмкүн.
3.2. Комиссия тарабынан жер участкасын жеке же юридикалык жактарга ижарага берүү же менчикке өткөрүү түз сатуу жолу менен берилиши мүмкүн, эгерде:
- жер участкасында, мурда мөөнөттүү (убактылуу) ижарага берйлген маалда капиталдык имараттар жана курулуштар куру луп, ал адамдарга алар жеке менчик катарында таандык болсо;
- жер участкасы эки жолу ачык соодалашууга коюлуп, сатылбаса;
3.3. Жобого ылайык жер участкаларына укук берүү процесстерин ишке ашыруу үчүн Таш-Көмүр шаарында жер участкаларын ижарага берүү же менчикке өткөрүүгө укук берүү боюнча Комиссия түзүлөт (сонунда-Комиссия).
Муниципиалдык менчикке караган Жер боюнча Комиссиянын ишмердүүлүгүзгүн тартиби, шаардык Кенеш тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, шаардык структуралык тармактардын, шаардык архитектура бөлүмүнүн жана шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарын каттоо башкармалышнын (сонунда-Мамкаттоо) жетекчилери, шаардык техникалык-кызматтардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана коомчулуктардын өкүлдөрү киргизилет.
Комиссиянын курамы шаардын мэринин сунушу менен шаардык Кенеш тарабынан бекитилет.
Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин катышуусунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш бергендердин саны тен болуп калган учурларда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
3.4. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- жер участкасын ижарага берүү же менчикке өткөрүү мүмкүн төрүн берүү боюнча чечимдерди кабыл алат;
- жер участкасына карата укуктун түрлөрүн (жеке менчик, ижара) жана аларды берүүнүн ыкмаларын (аукцион, сынак, түз сатуу) аныктайт;
- лоттун башкы баасынын өлчөмүн бекитет же жер участкасын сатуу боюнча башкы баа тууралуу түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- соодалашууну уюштуруучу катары катышат;
- бекитилген тартипте соодалашуунун жыйынтыктарын бекитет;
- ушул Жобонун жана нормативдик-укуктук актыларынын негизинде өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жер участкасына укук берүүгө байланышкан маселелерди карайт;
3.5. Соодалашууга жана түз сатууга Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары катыша алат. Шаардагы жерлерди ижарага берүүдө, ижарага алуучу катарында чет өлкөлүк жарандар да катыша алышат.
3.6. Соодалашуунун жана тнз сатуунун нерселери катарында Таш-Көмүр шаарынын чек араларында жайгашкан, ижарага берилңгө же менчик укугуна ээ болууга мңмкңн болгон жер участкалары гана эсептелет.
4.1. Муниципиалдык менчиктеги жер участкаларына укук берүү, сунушталган учурда бул участкалар таризделип бүтүшү шарт.
Жер участкалары таризделип бүттү деп эсептелет, эгерде ал ар:
- үчүнчу жактын укуктарынан эркин болсо (сервитут аркылуу бекитилген укуктарды кошпогондо);
- жер участкасынын белгиленген чектери болсо;
- бекитилип, колдонууга уруксат берген же башка зарыл шаар куруудагы регламенттерине ээ болсо;
4.2. Таш-Көмүр шаарына тиешелүү жалпы колдонуудагы жерлер жеке менчикке берилбейт. Кээ бир учурларда муниципиалдык менчик департаментинин (соңунда-Департамент) сунушу менен шаардын мэри тарабынан кыска мөөнөттөгү беш жылдык мөөнөт менен ижарага Комиссияда каралгандан кийин гана берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн жерлерде женилдетилген типтеги курулуштарды гана курууга уруксат берилет.
4.3. Соодалашууга коюлган жер участкаларынын тизмеси, Департаменттин сунушу менен жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде түзүлөт.
Жеке жана юридикалык жактардын арыздарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз берген адам тууралуу маалымат (юридикалык жак үчүн чет өлкөлүк экендиги тууралуу көрсөтүлүшү керек);
- арызга ылайык участканын болжолдуу мүнөзү же участканын жайгашуусу жана болжолдуу өлчөмү;
- жер участкасына болгон суралган укуктун түрү;
- суралып жаткан жер участкасынын колдонулушунун божомолдуу баяндалышы, анын ичинде жаны курулуштарды куруу, бар объектилерди реконструкциялоо, арыз берүүчүнүн инвестициялык жана курулушу жургүзүү багытындагы башка материалдары.
Арыз шаардын мэриясына берилет, ал 3 күн ичинде жөнөтүлөт, ал өз кезегинде Мамкаттоого, шаардын курулуш жана архитектура бөлүмдөрүнө жер участогуна укук берңүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча келишимдерди түзүү үчүн көрсөтмөлөрдү берет. Көрсөтмөлөргө каттоодон өткөн арыздын көчүрмөлөрү тиркелет. Каттоодон өткөн арыздын бир көчүрмөсү арыз менен кайрылган адамга берилет.
4.4. Соодалашууда менчикке же ижарага бериле турган жер участкаларынын өлчөмдөрү - колдонуунун түрлөрү жана уруксат берйлген параметрлердин, бекитилген куруу жана жерди колдонуу эрежелери, калктуу пунктардын генералдык планы жана башка шаар куруу иш-кагаздары, курулуш нормалары жана эрежелеринин негизинде аныкталат.
4.5. Жер участкаларын ижарага алуу мөөнөттөрү төмөндөгүчө, кыска мөөнөттө - 5 жыл, орто мөөнөттө - 15 жыл жана узак мөөнөттө - 50 жылды түзөт.
Жер участкасын ижарага берүүнүн мөөнөтү Комиссия тарабынан жеке же юридикалык жактын арызынын негизинде аныкталат.
4.6. Соодалашуунун ар бир нерсеси Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамы тарабынан тартипке ылайык бааланышы керек. Жер участкасынын баштапкы баасы Комиссия тарабынан бекитилет. Жер участкасынын баштапкы баасын аныктоо үчүн Комиссия көз-карандысыз баалоочуларды таргууга укуктуу. Жер участогун соодалашууда ижарага берүү укугу берилсе, анда баштапкы баа катарында Комиссия тарабынан аныкталган ижара төлөмүнүн өлчөмү эсептелет.
4.7. Жер участогунун түз сатуу боюнча ар бир нерсесинин баштапкы баасы, көз-карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде Комиссия бекитет. Келишимди тнзүүнүн жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдүн процессинде Комиссия берйлген чегеримдүү укуктарынын негизинде жер участкаларынын баасын жана шарттарын өзгөртө алат.
5.1. Жер участкаларын соодалоо үчүн тандоо шаардын мэриясынын шаардык архитектура жана курулуш бөлүмдөрүнө берген тапшырмасы аркылуу жүргүзүлөт. Тандап алынган участкалар жер участкаларын сатууга коюлган (аукцион, сынак) участкалардын тизмесине кошулат.
5.2. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан тандап алынган участкага бүтүм чыгарып берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участкасынын жайгашышы шаардын генералдык планына, башка долбоордук-пландык иш-кагаздарына, куруу жана жерди колдонуу эрежелерине, курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келиши;
- участканын долбоордук чек арасынын жана шаардык курулуш регламенттеринин (участканын кыймылсыз мүлк катары калыптанышынын бааланышы) тактыгы;
- инженердик коммуникацияларга туташуу мүмкүнчүлүгү;
-участканын сейсмикалык шарттары, инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын кооптуулугу:
- жер участогунун баяндалышы;
- жер участогун берүүнүн (же бербөөнүн) мүмкүнчүлүгшуу туралуу сунуш;
- жер участкасын түзүү боюнча даярдоо иштеринин көлөмү жарандылы
Мамкаттоо зарылчылыгы болгон учурда шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүнүн суроо-талабы боюнча 5 күн ичинде тиешелүү маалыматтарды берет. Жыйынтык чыгаруу 12 күн ичинде даярдалат. Курулуш көлөмү 15000 куб/м жогору ири объектилерге же татаал шаардык курулуш кырдаалдарында, анын ичинде татаалдашкан инженердик камсыз кылуу шарттары менен даярдоонун мөөнөтү 7 күнгө узартылышы мүмкүн.
Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүнүн жыйынтыгы Мамкаттоого берилет.
5.3. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүиүн жыйынтыгынын негизинде Мамкаттоо тандап алынган жер участогу боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр керсөтүлөт:
- каралып жаткан участоктун укуктук статуту (жеке менчик укугу, мөөнөтсүз колдонушу);
- сервитуттардын болушу, башка чектеөлөр;
- башка чектөөлөрдүн мүлктүк укуктары;
- аралык белгилердин же таанымал чекиттердин болушу, мында белгиленген (фиксированный) чектердин чыныгы (фактический) чектер аркылуу башка жер колдонуучулар жана жер участогунун жеке менчик ээлери менен чек араларын дал келтирүү жолу менен такталышы;
- имараттардын жана курулуштардын болушу;
- жер участогун берүү (же бербөө) мүмкүнчүлуктөрү боюнча сунуштар;
Үчүнчүлүк жактардын укуктарынын же чектөөлөрдүн болушу менен Мамкаттоо үчүнчүлүк жактардын жана чектөөлөрдүн укуктарын сактоо менен участоктун схемасынын корутундусуна чек арасын белгилеп тиркейт.
Зарылчылыгы болгон учурда Мамкаттоодун талабы боюнча шаардык архитектура жана курулуш болүмү тиешелүү маалыматты 5 күн аралыгында берет.
Мамкаттоо 10 күн аралыгында корутундуну даярдап, шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү менен биргеликте Комиссияга өткөрөт.
5.4. Комиссия корутундуну алгандан кийин 7 күн аралыгында карайт. Комиссия берилген корутундуга макул эместигин билдирсе, анда иш-кагаздарды кайрадан толуктоо үчүн шаардык архитектура жана курулуш белүмү менен Мамкатгоого кайтарат. Аягына чейин чыгарылган корутунду кайрадан 10 күндөн кем эмес аралыкта каралат.
Жер участкасын сатыкка коюу боюнча Комиссиянын чечими протокол түрүндө чыгарылат. Протоколдо даярдык иштери көрсөтүлөт (жер участкасын калыптандыруу боюнча иштер, анын ичинде» долбоордук варианттардын зарылдыгы жана мөөнөтү), жер участкасына карата берилүүчү укуктун түрү (жеке менчик, ижара), жер участкасынын баштанкы баасы, мөөнөтү жана көрсөтүү ыкмалары (аукцион, сынак). Протокол шаардын мэрине жөнөтүлөт жана берилгенден баштап 3 күн аралыгында бекитилет.
Шаардын мэри тарабынан бекитилген протоколдун көчүрмөсү шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү менен Мамкаттооого жөнөтүлөт.
Эгерде жер участогу жеке же юридикалык жак тарабынан берилген арыздарынын негизинде сатыкка коюлган участкалардын катарына киргизилген болсо, протоколдун көчүрмөсү арыз берген тарапка да жөнөтүлөт
5.5. Комиссиянын соодалоо жолу менен жер участкасын берүү чечим эң жагына чечилген учурда, шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү менен Мамкаттоо жер участогун калыптандыруу иштерин аткарышат. Берилген иштер Жобонун 8.2. жана 8.3. пунктарына ылайык менчикке өткөрүү жана ижарага берүү боюнча жүргүзүлгөн соодалоонун жыйынтыгы боюнча түшкөн каражапын эсебинен жүргүзүлөт.
Ал эми жер участкасын менчикке өткөрүу же ижарага берүү түз сатуу менен жүргүзүлсө, анда жер участкасын даярдоо боюнча иштер арыз берген жактын эсебинен төлөнөт.
5.6. Шаардык архитектура жана шаар куруу бөлүмү жер участкасынын Планын даярдайт, ал эки экземплярда түзүлөт. Жер участкасынын Планынын курамына графикалык жана тексттик материалдардын жыйындысы кирет да, төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- жер участкасынын орду (адреси);
- жер участкасынын аянты;
- уруксат берилген шаар куруу регламенттеринин түрү жана параметрлери боюнча жер участогун колдонуу;
- бар курулуштардын тизмеси, анын ичинде курууга жана жер колдонууга туура келбеген курулуштар;
- 1:500 масштабында топографиялык негизде.аткарылган жер участкасынын чиймеси, анда төмөнкүлөр түшүрүлөт:
- кыймылсыз мүлк объектилеринин чектерине байланышкан же кайрылуу чекиттери көрсөтүлгөн жер участкасынын чек аралары;
- бар курулуштар, анын ичинде курууга жана жер колдонууга туура келбеген курулуштар;
- жер участкасы аркылуу өткөн инженердик-техникалык коммуникациялардьтн трассы;
- сервитуттардын таасиринин чек аралары;
- сервитуттардын баяндалышы жана башка чектөөлөр;
- жер участкасын колдонууга карата кошумча талаптар;
5.7. Жер участкасын шаар куруу регламенттеринин уруксат берилген колдонунун тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- колдонуунун уруксат берилген түрлорүнүн тизмеси (анын ичинде, куруу жана жерди пайдалануунун эрежелерине туура келген статьяларына шилтеме);
- курулушту тургузуу үчүн уруксат берилген орундан участканын чек арасынан кетенчиктөөнүн минималдык көрсөткүчтөрү;
- курулуштун чектүү бийиктиги же кабатка белүнүшү (максималдык же минималдык);
Эгерде жер участкасы чектөөлөргө туура келген аймактарда жайгашкан маалдарында кошумча төмөнкү шаар куруу регламенттери колдонулат:
- маданият жана тарыхий эстеликтердин, археологиялык катмардын коргоонун шарттары боюнча;
- куруу жана жерди пайдалануунун санитардык, суу коргоо ж.б. экологиялык шарттары боюнча;
- фасаддардын архитектуралык чечилиши боюнча;
5.8. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү жер чактасынын алдын-ала түзүлгөн Планынын материалдарын экология көзөмөлдөө, санитардык-эпидемиология кызматынын жана өрт коопсуздук көзөмөлдөө органдарына макулдашуу үчүн көчүрмөлөрдү жөнөтөт. Материалдарды алгандан кийинки 7 күн аралыгында макулдашуу корутунду түрүндө бекитилген. Корутунду шаардык архитектура жана курулуш бөлүмүнө өткөрүлөт.
Эгерде жер участкасына карата укук ортолук долбоордук планировкалоонун негизинде өткөрүлсө, анда жогорудагы органдардын макулдугу талап кылынбайт.
5.9. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан жер участкасын калыптандыруу иштеринин стадиясында инженердик-техникалык коммуникацияларга туташтыруунун алдын-ала шарттары аныкталат.
Көрсөтүлген шарттардын жок болушу, жер участкаларын ижарага берүү жана сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү үчүн тоскоолдук кылбайт (мында бул келишимдердин мамлекеттик каттоо, ж.б. укуктук иш-кагаздарын камтыгандар сыяктуу эле барабар).
5.10. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан материалдарды даярдоо, бекитилген жерди пайдалануу жана куруу эрежелеринин, шаар куруу иш-кагаздарынын болушу, шаар куруу регламенттерин бекитүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдөн көз-карандылыкта төмөнкүлөр аткарылат:
- 15 күн аралыгында - долбоордук варианттарды карабай туруп;
- 15-30 күн аралыгында долбоордук варианттарды кароо менен; Долбоордук варианттарды кароонун мөөнөтү жана зарылдыгы
Комиссиянын протоколунда көрсөтүлөт.
5.11. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү жер участогуна карата ишти калыптандырат, анын курамына Жобонун 5.6. жана 5.8. пунктарында көрсөтүлгөн материалдар, корутундулар, инженердик тармактарга алдын-ала туташуунун шарттары кириши керек. Жер участкасынын Планын биринчи экземпляры шаардын башкы архитектору тарабынан кол коюлат, андан соц жер участкасына карата иш Мамкаттоого жөнөтүлөт.
5.12. Мамкаттоо жер участкасынын Планын бардык аралаш жер пайдалануучулар менен макулдашат - жер участкаларынын жеке менчик ээлери, чек араларды белгилөө, шаар куруу регламенттери, сервитуттары жана башка чектөөлөрү боюнча. Шаардык архитектура жана курулуш бөлүмү зарыл чылыгы болсо, жер участкасынын чек араларын тактайт, кошумча маалыматтарды киргизет (кызыл, зарылчылыгы болсо-сары сызыктарды, курулуш ж.б. пландаштырылган чектөөлөрдүн сызыктарын).
Мамкаттоо менен жер участкасынын Планы макудашылат жана жер участкасы боюнча иш 15 күн аралыгында кайрадан Комиссията жөнөтөт.
5.13. Соодалоонун ар бир нерсеси боюнча Комиссия тарабынан кепилдик акынын өлчөмү, мөөнөтү жана соодага катышуучулар тарабынан аны киргизүү тартиби, аукциондук калам (аукцион өткөрүлгөн маалда) же сынактын шарттары (сынак өткөрүлгөн маалда), төлөөнүн формалары, сатуу-сатып алуу же ижарага берүү келишиминии мөонотторү аныкталат. Андан сырткары, жер участогун ижарага же менчикке берүү, сатуу-сатып алуу боюнча келишимдин түзүлүшү боюнча комитеттин токтом долбоору даярдалат.
5.14. Комиссия 30 күн мурун соодалоо тууралуу маалыматты массалык-маалымат каражаттарына жарыя берип, шаардын жалпы жетиликтүү жерлерине илиши керек, Маалымат соодалоонун кайсы жерде өткөрүлө тургандыгы жана кайсы жерде жайгашкандыгы тууралуу маалыматты камтылышы керек төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- өткөрүү күнү жана тартиби, убактысы, орду, соодалоонун формасы, алардагы нерселер жана жеңүүчүнү аныктоо;
- табыштаманы кабыл алуу убактысы, орду жана мөөнөтү;
- баштапкы баа тууралуу маалыматгар;
- кепилдик акыны жана комиссиондук чогултуунун суммасын которуу үчүн банктын зарыл болгон реквизиттери;
- сатуу-сатып алуу келишимине кол коюу мөөнөтү жана күчүнө кириши;
- комиссиядан толук маалымат үчүн телефону жана дареги.
6.1. Соодалоо төмөнкү формаларда өткөрүлөт:
6.1.1. Ачык аукциондордо
Аукционду Комиссия тарабынан бекитилген аукциончу тарабынан жүргүзүлөт. Аукциончу сатыкка коюлган нерсени, аны сатуунун шарттарын жана сооданын кадамын баяндайт. Аукциондо сооданын башталышы катары соодага коюлган нерсенин баштапкы баасы жарыяланган убак эсептелет. Аукцион башталганга чейин Комиссия ар бир лот боюнча кадамдын минималдык өлчөмүн жана алардын санын аныктайт. Кийинки кадамдардын өлчөмдөрү минималдык кадамдан төмөн болбошу керек.
Эгерде аукциондун жүрүшүндө баштапкы көбөйүү баасын Аукциончу үч жолу кайталап жарыялагандан кийин сатып алуучу аныкталбаса, анда ал 10% чейин бааны төмөндөтүүгө укугу бар. Аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү өкүлдөрү) сооданын жүрүшүндө номур ыйгарылган оз билетин Аукциончуга карай көтөрүп, өз баасын айтышат.
Эгерде Аукциончу үч жолу акыркы сунушталган баа жөнүндө жарыялагандан кийин катышуучулар тарабынан андан жогорку баа сунушталбаса, анда акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу жеңүүчү катары эсептелет.
6.1.2. Чапталган конверттерде шарттарды сунуштаган сынак.
Кээ бир шарттарда тигил же бул жер участогун колдонуу боюнча соодалоого коюлган нерсени сатуу чечимин Комиссия тарабынан сынак түрүндө жүргүзүүгө чечим чыгарат. Мындай учурда сынактын катышуучуларына алдын-ала шарттар коюлат.
Лотко карата талапкерлер өздөрүнүн шарттарын официалдык конфеденииалдык өтүнмө түрүнде сунушташат, ал кийин конвертке чапталат. Катышуучулар өздөрүнүн шарттарын бир нече жолу өтүнмөлөрдүн кабыл алынуусу токтогонго чейин сунуштай алышат. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Комиссия чапталган конверттерди ачып, алардын ичинен эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучута жер участогун ыйгарышат.
6.2. Аукциондо жогорку бааны сунуштаган аукциондун катышуучусуна соодалоодогу нерсеге жана жер участкаларына болгон укукту сатуу ишке ашырылат. Мында сатып алуучудан жер участкаларын бекитилеген шаар куруунун регламенттери, жерди жайгаштыруу жана шаар куруу иш-кагаздарынын, чектөөлөрдңн негизинде колдонуу талан кылынаг.
Конкурста Комиссия тарабынан эң жакшы шарпарды сунуштаган алдын-ала аныкталган анын катышуучусуна шаардын мэри менен макулдашылган
6.3. Аукционго жана конкурска Комиссиянын макулдашылган талаптарына ылайык берйлген өтүнмөлөрдүн негизинде жер участкаларын ижарага же менчикке берүү укуктары коюлат.
6.4. Ири инвестициялык кызычылыкты көздөгөн же шаар курууда зор мааниге ээ участкалар конкурс түрүндө өткөрүлөт.
6.5. Аукцион менен конкурс аркылуу соодалоого коюлган бардык объектилер лотторго бөлүнүшү керек.
6.6. Соодалоо тууралуу бардык кабарлар Жобонун 5.14. пунктунда көрсөтмөнүн негизинде жүргүзүлөт.
6.7. Соодалоону уюштуруучулары тарабынан катышуучулар үчүн төмөнкү маалыматтарды камтыган пакеттер даярдалат: соодалоодо катышкан сатып алуучунун номери; соодадагы нерсенин аталышы: аукционду же конкурсту өткөрүүнүн шарттары; Жобонун 5.6. пунктунда каралган графикалык жана тексттик материалдардын көчүрмөлөрү; соодалоодо объектилер бир билет-бир лот" схемасы боюнча ишке ашат.
6.8. Соодага катышуу укугун алуу үчүн таланкер анын уюштуруучусуна төмөнкү маалыматгарды бериши керек:
- көрсөтүлгөн жер участкаларына карата укукту сатып алууну көздөгөн бекитилген формадагы жазуу түрүндөгү арызы;
- жеке жарандыгын тастыктаган документ же юридикалык жактын атынан чыкса, анда ага укук берген ишеним каты;
-кепилдик төлөм жана жер участкасынын баштапкы баасынын 0,5% өлчөмүндөгү комиссиондук акыны төлөгөнүн тастыктаган төлөмдүк документтер;
6.9. Кепилдик төлөм талапкерлер тарабынан Департаминттин атайын эсебине которуу жолу менен же Департаменттин кассасына накталай төлөм менен жүргүзүлөт. Анын өлчөмүн Комиссия аныктайт жана ал соодалоодогу нерсенин баштапкы баасынын 10% чейинкисин түзөт.
6.10. Эгерде талапкер аукциондо же конкурста бир нече объекти боюнча катышса, анда кепилдик төлөм ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт. Эгерде соодалоо кандайдыр бир себептер менен өткөрүлбөй калса, анда 0,5% өлчөмүндөгү" комиссиондук жана кепилдик төлөмдөр кайтарылып берилет. Соодалоодо женишке жетишпей калган талпкерлерге эки жуманын ичинде кепилдик төлөмдөрү кайтарылат, ал эми комиссиондук төлөмдөрү Комиссиянын карамагында калат.
6.11. Аукциондун жеңүгүчүсү менен келишимди түзгөн учурда кепилдик төлөмдүн суммасы соодалоодогу нерсенин сатык баасынын ичине киргизилет.
6.12. Аукциондун жана конкурстун катышуучусу төмөнкү укуктарга ээ:
- өзү же өкүлү аркылуу соодалоого акысыз катышууга;
- соодалоодогу нерсс тууралуу акысыз маалыматтарды алуута;
- аукцион башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен катышуудан баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен белгиленген мөөнөттө өзүнүн кепилдик төлөмүн кайтарып алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттөн өтү кетсе кепилдик төлөм кайтарылбайт.
- соодалоого коюлган нерселерди карап чыгат;
- соодалоого катышуучу катары укуктары бузулган учурдасотко кайрылууга укуктуу;
6.13. Аукцион же конкурска катышуу тууралуу өтүнмөлөр комиссиянын берген маалыматтык кабарында көрсөтүлгөн убакка чейин кабыл алынат. Комиссия талапкерлерди каттоодон өткөрөт жана өтүнмөлөрдүн кабыл алынышы тууралуу протокол түзөт. Соодалоого коюлган нерсеге бир гана берилсе, анда ал алынып, кийинки соодалоого коюлушу мүмкүн. Комиссиянын жазуу түрүндө кабарын алгандан кийин талапкер катышуучу статусуна ээ болот, кабар шаардык Комиссиянын жыйынынын протоколунун негизинде төрага жана катчы кол койгондон кийин жарактуу деп эсептелет. Соодалоонун катышуучуларына номерлер берилет.
6.14. Соодалоонун катышуучулары катары эсептелбеген жарандарга, кирүү билеттери сатылат. Билеттин баасы Комиссия тарабынан коюлат.
6.15. Комиссия аукционду өткөрүүдөн каалаган убакта б.а. өткөрүүгө 3 күн калганда, ал эми конкурстан 30 күн калганда баш тартса болот. Мындай учурда талапкерлерге соодалоону өткөрүүнү баш тарткандыгынын себептери түшүндүрүлөт, комиссиондук жана кепилдик төлөмдөр кайтарылып берилет.
6.16. Түз сатыкка жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде Жобонун 4.1. пунктунда каралган шарттар аткарылган жер участкалары коюлат. Жер участкасын ижарага же менчикке берүү түз сатуу жолу менен жүргүзүлсө, Жобонун 5.6., 5.7., 5.10., 5.П., 5.12., пунктарынын негизинде жер участкасын калыптандыруу иштери жүргүзүлөт.
6.17. Түз сатуулар Комиссия тарабынан арыз берүүчү менен Жобонун 4.7. пунктундагы жер участкасын берүү шарттарындагы талаптарды эске алуу менен сүйлөшүү жолу менен жүргүзүлөт.
7.1. Аукциондо акыркы бааны сунуштап утууга ээ болгон талапкер же конкурстун негизинде эң жакшы сунуштарды берген катышуучу жеңүүчү деп табылып, ошол эле күнү соодалоону уюштуруучулардын өкүлүнө талапкердик билетип көрсөтүп, соодалоонун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коет. Протоколго ошондой эле аукциончунун жана Комиссиянын ыйгарымдуу өкүлүнүн колу да коюлат.
7.2. Протоколдо төмөнкү материалдар келтирилет:
- соодалоого коюлуп сатылган нерсенин баштапкы жана акыркы баалары;
- соодалоого коюлган нерсенин ижарага берүү жана түз сатуу же сатуу-сатып алуу келишимине ылайык тараптардын милдеттери;
- Комитеттин эсептик санынын номери;
Соодалоодогу нерсенин жеңүүчүсүнө анын жыйынтыгынын протоколунун көчүрмөсү берилет.
7.3. Соодалоодогу нерсенин женүүчүсү протоколго кол коюудан баш тартса, анда кийинки соодалоого катышуу укугунан ажырайт жана ага кепилдик төлөм кайтарылбайт. Мындай учурда коюлган персе боюнча соодалоо кайрадан жаныртылат.
7.4. Атаандаштардын ортосунда жакшылыктуу маанай болбосо, анда Комиссия каалаган убакта соодалоого коюлган лотту алып салууга же лот боюнча соодалоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
7.5. Комиссия тарабынан талапкердип жакшылыктуу таандаштыгы аныкталса, анда ал коюлган лот боюнча соодалоого ажырайт жана кепилдик төлөм кайтарылып берилбейт.
7.6. Түз сатуунун же соодалоонун жыйынтыгы боюнча протоколдун негизинде 10 күн аралыганда Комитет женүүгө жер участкасын берүү боюнча токтом даярдайт. Анын негизинде жер участкасына карата менчик укугун сатып алуучу менен Департаменттин ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлөт. Жер участкасы ижарага берйлген учурда Департамент менен соодалоонун жеңүүчүсүнүн ортосунда мэриянын токтомунун негизинде ижарага берүү келишими түзүлөт, анда ижаранын мөөнөтү, ижаранын төлөм өлчөмү, ижарага берүүнүн шарттары ж.б. келишимдин кошумча шарттары көрсөтүлөт.
7.7. Төлөм накталай төлөм менен же которуу жолу менен жүргүзүлөт. Соодалоодогу нерсенин баасынын төлөмүнүн формасын жана мөөнөтүн Комиссия сөзсүз Департамент менен макулдашкандан кийин гана белгилейт.
7.8. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган кээ бир учурлардан сырткары, мамлекеттик каттоодон өтөт жана нотариалдык күбөлүктү талап кылбайт. Жер участкасына болгон менчикке же ижарага алуу укугу мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана юридикалык күчкө ээ болот.
7.9. Жер участкасына болгон менчик укугу, жер участкасына жеке менчик укугу боюнча Мамлекеттик актысы менен күбөлөндүрүлөт. Жер участкасын ижарага алуу укуту, жер участкасын мөнөттүү (убактылуу) колдонуу Күбөлүгү менен күбөлөндүрүлөт. Жер участкасын менчикке же ижарага алуу укугун күбөлөндүргөн иш-кагаздарын (документтери) тастыктоо жана берүү сатуу-сатып алуу келишими гүзүлгөн күндөн тартып 1 ай аралыгында берилет.
Жер участкасынын биринчи Планы, ичине шаар куруу регламенттери, ж.6. Жободогу 5.6. жана 5.7. пунктарын камтыган маалыматтардын негизинде колдонулат:
- долбоордук-иштөө иштеринде баштапкы материал катары;
- инженердик-техникалык коммуникацияларды өткөрүүдө долбоордук трассаларын жана ага улана турган чекиттерди белгилөө үчүн графикалык негиз катарында;
Жер участкасынын Планынын экинчи экземпляры укукту күбөлөндүргөн документтин графикалык бөлүгү катары колдонулат дагы Мамкаттоодун башчысы тарабынан кол коюулат.
7.10. Мамкаттоо аймакта жер участкасынын чек арасын белгилөөнү ("Натурага" алып чыгуу) камсыз кылат.
7.11. Төлөмдүн мөөнөтүш бузганда же келишимдин башка шарттарын аткарбаса, анда Комиссия өзүнө берйлген укуктун негизинде келишимди бузат жана кепилдик төлөм менен комиссиондук төлөм кайтарылбайт.
7.12. Соодалоодогу нерсе аны менчикке же ижарага алуу укугуна ээ болгон сатып алуучу ээ болгондон баштап реалдык абалынан кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болсо, анда соттун чечими менен Комиссия жоопкерчиликке тартылат.
7.13. Соодалоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтар протоколго кол коюлган күндөн баштап Комиссия тарабынан 5 күн аралыгында массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат.
8.1. Соодалоого кирүү билеттерин сатуудан түшкөн акча каражаты, кайтарылбаган кепилдик жана комиссиондук төлөмдүү суммасы Департаменттин атайын эсеп-чотуна түшөт.
8.2. Туз сатуудан жана соодалоо менен жер участкасын менчикке же ижарага берүүдөн түшкөн каражат төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- 90% шаардын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечими менен чыгымдалат;
- 10% кызмат көрсөткөн мекемелердин акысына берилет: архитектура, Мамкаттоо, аукциончу, коз-карандысыз баалоочу ж.б. чыгымдарга каралат.