Загрузка документа…
НОВОПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-июлу № 43/5-25
Айыл чарбалык эмес жерлерди жана калк конуш жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык наркын эсептеп чыгаруу үчүн экономикалык пландаштыруу зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбалык змее жерлерди жана калк конуш жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын наркы" Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык, Новопокровка айылдык округдун киреше бюджетин жогорулатуу максатта Новопокровка айылдык округдун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дифференциалдык коэффициент бекитилсин:
- Новопокровка айылы боюнча 2
- Сары-Жон айылы, Ленинское айылы боюнча 1
2. Новопокровка айылдык округдун каржы-эсеп бөлүмүнө айыл чарба эмес жерлерди жана калк конуш жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептеп чыгарылгандагын аткарууну кабыл алсын.
3. Новопокровка айылдык округдун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сергиенкого Чуй областык адилет башкармалыгына бул токтомду каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Новопокровка айылдык Кеңешинин төрайымы: |
К. Джаманкулова |