Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-марты № 6
Калктуу конуштардагы айыл чарбасына арналбаган жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо боюнча (K1) - коэфициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23 мартындагы №57 «Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставалары» жөнүндөгү Мынзамынын 7-статьясынын негизинде Ташкөмүр шаары боюнча «Калктуу конуштардагы айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо боюнча К1-коэфициентин 2008-жыл үчүн бекитип берүү тууралуу Ташкөмүр шаардык салык инспекциясынын 12.03.2008-жылдагы №300- кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Ташкөмүр шаардык депутаттар Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23 мартындагы №57 «Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жама айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангалдык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү Мынзамынын 7-статьясына ылайык Ташкөмүр шаары боюнча 2008-жылга «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди» пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоо K1- коэфициенттери төмөндөгүдөй аймактар боюнча бекитилсин:
№ | Аймак rap | Физ. Жактар үчүн K1- | Юр.жактap үчүн K1- |
1. | Шахта башкармалыгынан көпүрөгө чейин | 1,5 | 1,8 |
2. | Көпүрөдөн Донкыштакка чейин | 1,5 | 1.8 |
3. | Донкыштактан борбордук Мечитке чейин | 1,9 | 1.8 |
4. | Микрорайон | 1.9 | 1.8 |
5. | Осмонбекова, М. Нарбаев, Батыркулов | 1,5 | 1.2 |
6. | Достук, Гагарин жама Шопоков көчөлөрү | 1,5 | 1.2 |
7. | Кызылалма к/комитетинин аймагы | 1,5 | 1.2 |
8. | Курулуш зонасы | 1.5 | 1.2 |
У. | «Кристалл» АКнун аймагы, курулуш аянтчалары | 1,5 | 1.8 |
10 | ПС ГЭС өндүрүш аймагы | 1.9 | 3.0 |
2. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекетти каттоодон өткөрүп берүү жагы Жалалабат облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
3. Ташкөмүр шаардык депутаттар Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясынын 27.04.2007-жылдагы №4 токтому күчүн жоготту леп эсептелсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Экономикалык реформалоо , өзүн өзү башкаруу жана финансыло, аймактарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана бюджет маселеси» боюнча турурктуу комиссиясына ( Камчыбеков А. ) жүктөлсүн
Ташкөмүр шаардык кеңештин төрагасы |
М. Токтосунов |