Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2006-жылдын 5-июлу № 3/2
Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин регламентине кошумча киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Нарын райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 23-статьясына жана депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин 12-апрель 2006-жылдагы I сессиясында бекитилген типтүү регламентинин XVII бөлүмүнө ылайык райондук Кеңештин регламентине төмөндөгүдөй кошумча киргизилсин :
1. Депутаттардын Нарын райондук Кенеши тарабынан (районго, республикага, өзу жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиңирген адамдарга «Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат».
2. Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин «Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, закондуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы «Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча мурдагы Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, кийинки райондук Кеңештин сессиясына сунуш кылсын.
3. Райондук Кеңештин типтүү регламентинин XVII бөлүмү ушул токтомдун 1-пункту болуп, ал эми регламенттин XVII бөлүмү XVIII бөлүм болуп эсептелсин (Регламент тиркелет)
Нарын райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Белеков |