Загрузка документа…
АЛА-БУКА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-февралы № 24-9/7а
Райондун аймагында мейманкана салыгы жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү жана чекене соода жүргүзүү үчүн алынуучу салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Алабука району боюнча башкармалыгынын 18-февраль 2008-жылдагы №225 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 191 жана 195 беренелеринин негизинде Алабука райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагында мейманкана салыгынын ставкасы 2% өлчөмүндө бекитилсин.
2. Райондун аймагында калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соодадан алынуучу салыктын ставкасы калкка көрсөтүлгөн кызматтардын наркынын жана чекене соода жүгүртүүнүн 4% өлчөмүндө бекитилсин.
3. Көрсөтүлгөн токтом Жалалабат областык Адилет Башкармасынан мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
4. Көрсөтүлгөн токтом Жалалабат областык Адилет Башкармасынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана Жалалабат областык «Акыйкат» гезитинин тиркемесинде расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Көрсөтүлгөн токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыялангандыгы жөнүнде Жалалабат областык Адилет Башкармасына билдирилсин.
6. Токтомду аткаруу жагы Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Алабука району боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Алабука райондук Кенешинин 24.07.2007-жылдагы Vll-сессиясынын «Алабука районунун аймагында калкка акы төлөөчү кызмат көрсөтүүдөн жана чекене алынуучу салыкты жана райондун аймагындагы айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандар үчүн жер салыктын ставкалык коэффициенттин киргизүү жөнүндө» чечими (токтому) күчүн жоготту деп табылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А. Исраиловго) тапшырылсын№
Ала-Бука райондук кеңешинин төрагасы: | А. Мадраимов |