Загрузка документа…
АЛА-БУКА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
2008-жылдын 19 февралы № 24-9/7б
Райондун аймагында айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланган юридикалык жана физикалык жактардын жер салыгын эсептөөдө К1 коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Алабука району боюнча башкармалыгынын 18-февраль 2008-жылдагы №225 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык учун жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары» жөнүндө Мыйзамынын 7- беренесинин негизинде Алабука райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагында айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланган юридикалык жана физикалык жактар үчүн жер салыгын эсептөөдө К1 коэффициентинин өлчөмдөрү №1 тиркемеде көрсөтүлгөндөй бекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн токтом Жалалабат областык Адилет Башкармасынан мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
3. Көрсөтүлгөн токтом Жалалабат областык Адилет Башкармасынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана Жалалабат областык «Акыйкат» гезитинин тиркемесинде расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Көрсөтүлгөн токтом жергиликтуу массалык маалымат каражаттарына расмий түрдо жарыялангандыгы жөнүндө Жалалабат областык Адилет Башкармасына билдирилсин.
5. Токтомду аткаруу жагы Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Алабука району боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.
6. Алабука райондук Кенешинин 24.07.2007-жылдагы Vll-сессиясынын «Алабука районунун аймагында калкка акы төлөөчү кызмат керсөтүүдөн жана чекене алынуучу салыкты жана райондун аймагындагы айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандар үчүн жер салыктын ставкалык коэффициенттин киргизүү жөнүндө» чечими (токтому) күчүн жоготту деп табылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А. Исраиловго) тапшырылсын.
Ала-Бука райондук кеңешинин төрагасы |
А. Мадраимов |