Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябыры № 36
Кара-Жал айыл аймагында төмөндөгү салык төлөмдөрү жөнүндө
КР 2008-жылдын 17-октябырындагы “КР Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн турмушка ашырууга жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү максатында Кара-Жал айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан Кара-Жал айыл аймагында төмөндөгү салык төлөмдөрү киргизилсин:
- айыл чарба багытыдагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- мүлк салыгынын I, II, III, IV топтору.
2. Экономикалык-пландоо зоналарын жана зоналдык коэфициенти калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн мурда кабыл алынган 1,2 өлчөмү өзгөртүүсүз калырыцлсын.
3. Мүлк жана жер салыктарына КР Салык Кодексинин негизинде эсептөөлөр жүргүзүлсүн.
4. Токтом ММКга жарыялангандан кийин юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милддети айылд өкмөт башчысы Ө.Тамаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Мукалаев |