Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 1
Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы мечиттердин жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 31 беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Диний чѳйрѳдѳгү мамлекеттик саясат жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Коргоо кенешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» 07.02.2014-жылдагы №24 Жарлыгын аткаруу максатында, Ысык-Кѳл райондук мамлекетик администрациясынын 10.12.2014-жылдагы № 1/1-1586 катын, Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтγнγн башчысы М.Сарбагышевдин маалыматын карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы
1.1. Чок-Тал айылынын Эрденеев кѳчѳсүндѳгү мечиттин имараты 0.17га жер тилкеси менен;
1.2. Ѳрнѳк айылынын Жекшалы кѳчѳсүндѳгү мечиттин имараты 0.17га жер тилкеси менен;
1.3. Чон-Сары-Ой айылынын Ленин кѳчѳсүндѳгү мечиттин имараты 0.12 га жер тилкеси менен;
1.4. Сары-Ой айылынын Нурдѳѳлѳт-Ата кѳчѳсүндѳгү мечиттин имараты 0.15 га жер тилкеси менен;
1.5. Бает айылынын мечитинин имараты 0.18 га жер тилкеси менен Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевке милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү, өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун, энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Абдырахманов |