Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 3
Айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн 2014 жылга инфляциянын коэффициенти 1,040 ѳлчѳмүндѳ бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы «Кыргыз Республикасында Салык кодексинин 341 беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жѳнүндѳ» № 189 Токтому боюнча Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Н.Узбековдун маалыматын карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн 2014-жылга инфляциянын коэффициенти 1,040 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештин төрагасы |
У. Абдырахманов |