Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 136/17-6
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылга карата иш планынын негизинде Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишин жакшыртуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2014-жылга карата аткарган иштери жана күз-кыш мезгилдерине даярдыгы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Б.Керимбаев) шаардын жалпы билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки мекемелеринин материалдык -техникалык базасын чындоо жана шашке тамакты берүүнү тиешелүү денгээлде камсыз кылуу боюнча туруктуу иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. № 5 орто мектептин жалпы ишмердүүлүгү жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын негизинде аткарылган иштер боюнча отчету (мек.директору Н.К.Момбеков) Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине сунушталсын.
4. 2014-2015-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүүдө билим берүү мекемелеринин муктаждыктарын мүмкүн болушунча камсыздоо жагы эске алынсын.
5. Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) милдеттендирилсин.
Талас шаардык кеңештин төрагасы |
А. Джузупбеков |