ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 137/17-6
Талас шаардык үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылга карата иш планынын негизинде Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун (А.М.Шадиев) 2014-жылга карата аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун материалдык -техникалык базасын чындоо, жамаатта эмгек тартибин сактоо жана мекеменин чарбалык иштерин жүргүзүүдө кетирилген айрым кемчиликтер белгиленсин жана аны тез арада четтетүү жагы милдеттендирилсин.
3. Шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунда пациенттер үчүн тиешелүү шарттар түзүлсүн жана ар бир дарыгердин иштөө убактысы жазылып илинсин.
4. Мекемеде өрт коопсуздук эрежелери талапка ылайык келтирилсин жана жалпы утурумдук ондоп түзөө иштери талаптагыдай жүргүзүлсүн..
5. Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун ишин жакшыртуу максатында Талас шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жагы каралсын.
6. Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Джузупбеков |