Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 138/17-6
Талас шаарындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын турак жай маселелерин жөнгө салуу ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешин токтому
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө 2009-жылдын 20-июлундагы №241 мыйзамынын 6-бөлүмүнүн № 36-беренесинин 2.3 пунктунда союз мезгилиндеги турак жай мамилелерин жөнгө салуу ченемдик укуктук актылары өз күчүн жоготконуна байланыштуу кайрадан кабыл алууга чейин иштелүүдө турган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө Талас шаарындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын 20-октябрындагы № 235 сандуу катын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 4-октябрындагы турак жай мамилелерин жөнгө салуу эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз ССРнин Саламаттык сактоо министрлигинин 1986-жылдын 15-августундагы ченемдик укуктук эрежеси бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу (СНиП) № 2.04.01-85 эрежеси бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |