Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 139/17-6
Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 31-июлда өткөрүлгөн XIV-сессиясынын протоколуна жана 2014-жылга карата иш планга ылайык, Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында күз кыш мезгилдеринде көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жылуулук менен камсыздоо, мекеменин жалпы чарбалык жана тейлөө ишин жакшыртуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 2014-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү жана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү жумуштарын үзгүлтүккө учуратып, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишкананын жетекчиси Ж. Төрөбековдун кызмат абалына укуктук баа берилиши жана кызмат ордунан четтетүү жагы Талас шаарынын мэрине (Кушубеков.А.К.) сунушталсын.
3. Күз кыш мезгилдерине карата толук кандуу даярдык көрүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу жумуштарын Талас шаарынын мэри (А.К. Кушубеков) өз убагында көзөмөлгө албагандыгы белгиленсин.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын
Төрага | А.Ж. Джузупбеков |