Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 141/17-6
Талас шаарынын Мырзалиев № 76 дарегинен сатылып алынган өндүрүштүк базаны реестрге киргизүү жана Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүүгө макулдук жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өндүрүштүк база катары сатылып алынган имараттын сатуу сатып алуу келишимдери аягына чыкканына байланыштуу Талас шаарынын реестрине киргизүү боюнча Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 21-ноябрындагы №01-1/1319 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Мырзалиев № 76 дарегинен сатылып алынган өндүрүштүк база Талас шаарынын реестрине киргизилсин.
2. Сатылып алынган өндүрүштүк базасы Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан чарба жүргүзүү келишиминин негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Джузупбеков
|