Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 143/17-6
Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборун ачуу жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын 2014-жылдын 3-декабрындагы №01-5/1355 сандуу катынын негизинде Талас шаарында зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тартып, оор кырдаалга кабылган балдарга укуктук, социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүү борборун ачуу максатында, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында зордук зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен жабыр тартып, оор кырдаалга кабылган балдарга укуктук, социалдык жана психологиялык жактан жардам берүү борборун ачууга макулдук берилсин.
2. Жардам берүү борбору Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдында ачылсын.
3. Талас шаардык мэриясы жардам берүү борборун ачуу боюнча тез арада тиешелүү уюштуруу иштерин алып барсын.
4. Талас шаардык жергиликтүү бюджеттен камсыздоо жагы каралсын.
5. Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |