Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Талас облусу
| Бекитилди Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын “9”- декабрь № 140/17-6 токтому |
1.1 Талас шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында областтык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндөгү” 2001-жылдын 2-майындагы №153 Жарлыгына жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ““Кыргыз Республикасында областтык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндөгү” 2001-жылдын 2-майындагы №153 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндөгү” 2001-жылдын 5-июлундагы №58\ 11-23 сандуу токтомуна ылайык мурдагы Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын базасында түзүлгөн.
1.2. Бул жобо 2011-жылдын 15-июлундагы N 101 сандуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана 2003-жылдын 25-сентябрындагы N 215 сандуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын иш аракеттерин жөнгө салуучу уккуктук ченемдик актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1.3. Талас шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет.
1.4. Мэр-шаардын шайлануучу кызмат адамы, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси; Талас шаардын мэрин шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайлайт.
1.5. Мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы.
1.6. Талас шаардык мэриясы өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлык жана Буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Талас облустук мамлекеттик администрациясынын жана депутаттардан Талас шаардык кеңешинин чечимдерин, ошондой эле Талас шаардык жергиликтүү жамааттын Уставын жана ушул жобону жетекчиликке алып иш алып барат.
1.7. Талас шаардык мэриясы менчигинде оперативдүү башкаруусунда мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, мыйзамдардын негизинде өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу жана мөөр, бурч мөөрунүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдеде жазылган, ошондой эле символиканын элементтери, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет. Мамлекеттик тилде аталышы “Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы”, расмий тилде аталышы “Местное самоуправление –мэрия города Талас”.
1.8. Талас шаардык мэриясынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18. Индекс 724200
2.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2.2. шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;
2.3. мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, соттордон, прокурорлордон, мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен тышкары, алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан четтетүү боюнча маселе коюуга укуктуу;
2.4. шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
2.5. жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
2.6. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2.7. мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;
2.8. кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;
2.9. шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жылына экиден кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;
2.10. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
2.11. шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
2.12. белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;
2.13. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2.14. шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
2.15. шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
2.16. шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
2.17. шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын натыйжалуулугунун жана үзүрдүүлүгүнүн мониторингин жана баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында жана расмий сайтта жарыялайт;
2.18. шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
2.19. тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
2.20. шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
2.21. ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;
2.22. турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2.23. шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
2.24. жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
2.25. мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
2.26. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3.1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
9)Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара тыгыз байланышта иштейт.
3.2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын түзүмү
1) Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы: шаардын мэри, вице-мэрлер, мэриянын аппараты жана мэрия тарабынан түзүлгөн кызматтык түзүмдөрдөн турат. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан шайланат.
2) Талас шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүнө жана штаттык бирдиктеринин санына ылайык мэриянын түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
3) Мэрдин, вице-мэрлердин жана аппарат жетекчинин кызматтык милдеттемелери, шаардын мэри тарабынан бөлүштүрүлөт жана бекитилет.
3.3 Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын уюштуруучулук негиздери:
1) жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча иш аракеттери.
2) жамааттар тарабынан шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
4.1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын алдында, коллегиялык орган – аткаруу комитетти түзүлөт.
4.2. Аткаруу комитети – шаардык мэриянын коллегиялдуу аткаруу органы болуп саналат
4.3. Аткаруу комитети өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана ощондой эле депутаттардын Талас шаардык кеңешинин, Талас шаардык мэриясынын жана элдик курултайдын өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин аткарууга алуунун негизинде ишке ашырат.
4.4. Аткаруу комитетинин курамы шаардын мэри тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Аткаруу комитетинин саны 7-адамдан түзүлөт.
4.5. Аткаруу комитетинин курамына мэр, шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэрлер, аппарат жетекчи ошондой эле структуралык бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери кирет. Аткаруу комитетинин отурумун шаардын мэри чакырат жана отурумдун ишине төрагалык кылат.
4.6. Аткаруу комитетинин отурумун шаардын мэри чакырат жана отурумдун ишине төрагалык кылат, ал эми ал жок учурунда биринчи вице-мэр чакырууга укуктуу. Аткаруу комитетинин отуруму заарылдыгына жараша, бирок бир кварталда эки жолудан кем эмес чакыртылууга тийиш.
4.7. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен каралган шаардын мэринин ыйгарым укуктарынан тышкары шаардык мэриянын аткаруу комитети жергиликтүү маанидеги баардык маселелерди чечет.
4.8. Шаардык мэриянын аткаруу комитети мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтарын ишмердүүлүгүн башкарат.
4.9. Шаардык мэриянын аткаруу комитети өз отурумунда маселелерди кароодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда коллегиялдуулукту, айкындуулукту, коомчулуктун ой пикирин эске алуу менен жана ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетечилеринин, мэриянын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын алдындагы жеке жоопкерчилигине таянуу менен чечим чыгарат.
4.10. Шаардык мэриянын аткаруу комитети өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Талас шаардык мэриясы бекиткен регламенттин негизинде жүзөгө ашырат.
5.1. Экономикалык, каржы, архитектура жана шаар куруу жана укуктук саясат маселелерине жалпы жетекчилик кылат, мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилик кадрларын тандоону жана зарыл учурда алмаштырууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылат.
5.2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн укуктук ченемдик актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеңештин чечимдерин, шаардын уставында белгиленген талаптардын, жана жарандардын эркиндигин, укуктарын, мыйзамдуу таламдарынын бекем сакталышын жана аткарылышын уюштурат:
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, ал шарттар шаардык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылышын камсыз кылат жана аймактык мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргөзөт.
5.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген ыйгарым укуктардын толук кандуу жүзөгө ашырылышын камсыз кылат.
5.5. Экономикалык реформа, тышкы экономикалык инвестицияны тартуу, коомдук коопсуздукту бекемдөө, коррупцияга бөгөт коюу жана кызматтык кылмыш маселелерине координация жүргүзөт.
6.1. Шаардык мэрияны каржылоо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
6.2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы менчигинде оперативдүү башкарууда мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана милдеттенмелерге ээ боло алат.
6.3. Ижара акыларынан түшкөн акча каражаттарды Талас шаарынын өнүгүүсүнө жана мамтериалдык базасын чыңдоого жумшайт.
6.4. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акча каражаттары; баалуу кагаздар, ошол аймакта турган жаратылыш ресурстары; жарандык укуктардын башка объекттери.
6.5. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы жергиликтүү маанидеги маселелерди майнаптуу жана ыкчамдуу чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чегинде экономикалык өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана пайда алуу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды ачууга, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
6.6. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы, жергиликтүү коомчулуктун: коммуналдык-турмуш тиричилик жагын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүгө жана сациалдык-маданий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн муниципалдык заказ кыла алат.
6.7. Муниципалдык заказты каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен же бюджеттик эмес фондордон каржыланат.
6.8. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын кошумча каржы булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
-Менчик ээсинин өздүк каражаттары
-Бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттар
-Менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мүлктөр
-Жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз ыктыяры менен берилген каражат, мүлктөр
-Продукцияларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар жана башка мыйзам чегинде уруксат берилген ишкердиктен түшкөн кирешелер
-Банкттардын жана башка кредиторлордун насыясы
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражат булактары.
7.1. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
8.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
8.2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясын кайрадан уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.