Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 145/17-6
Талас шаардык Таза суу муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын ноябрь айына карата аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Талас шаардык Таза суу муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын ноябрына карата аткарган иштери жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Таза суу муниципалдык ишканасынын (М.Сопалиев) 2014-жылдын ноябрь айына карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Таза суу муниципалдык ишканасынын ишин туруктуу калыптандыруу максатында мекеменин 2014-жылга карата 1млн771 мин сом дебитордук карызын өндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Таза суу муниципалдык ишканасы шаар калкын таза суу менен жеткиликтүү камсыз кылууда Талас шаарында сугат арыктар колдонулбай жашоочулар таза сууну сугат ишине пайдалангандыгына байланыштуу Талас шаардык коомдук аймактык өз алдынча башкаруусуна (К.Молдогазиев) шаардын борбордук жана ички сугат арыктарын калыбына келтирүү боюнча конкреттүү иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А.Ж. Джузупбеков |