Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-декабры № 147/18-6
Талас шаарында коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтому
Талас шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздап жаткан “Биримдик” ААКсынын 2014-жылдын 15-июлундагы кайрылуу катынын, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун жана бирикменин күйүүчү жана майлоочу майлардын, автоунаа тетиктеринин кымбаттап кеткени боюнча эсебинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |