Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 21-январындагы № 21 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 6-ноябры № 121
Электрондук төлөөлөр жөнүндө
I Бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр
Өз колу менен коюлган кол тамганын аналогу (электрондук цифралык кол тамга) - бул, документте камтылгандарды жашыруун өздүк ачкычтын жардамы менен кодко киргизилген, бир тараптуу сандык ырааттуулукка кайра өзгөртүп түзүү жолу менен сертификацияланган программалык-техникалык каражаттардын негизинде түзүлгөн код. Электрондук цифралык кол тамга бир гана адам тарабынан ишке ашырылат жана анын аныктыгы көпчүлүк адамдар аркылуу тастыкталат. Электрондук цифралык кол тамга конткреттүү жөнөтүүчү менен жана бир гана аны менен ажырагыс байланыштуу.
Өз колу менен коюлган кол тамганын аналогунун ээси - электрондук цифралык кол тамга аркылуу эсептеги акча каражаттарын тескөөгө өз укугун далилдеген жеке же юридикалык жак.
Документтин бүтүндүгүн камсыз кылуу - автор тарабынан санкцияланбаган же документке күтүүсүз өзгөртүүлөрдүн киргизилишинин мүмкүн эместиги.
Документтин аныктыгын тастыктоо - документтин ээсинин аты-жөнүнүн көрсөтүлгөн же билдирилген ысымына ылайык келүүсү же ылайык келбөөсүн текшерүүнү камтыган, документтин бүтүндүгүн текшерүү жол-жобосу.
Электрондук төлөөлөрдүн катышуучусу - электрондук төлөөлөр боюнча кызматтардан пайдаланышкан же ошол кызматтарды көрсөтүшкөн жеке же юридикалык жак.
Электрондук төлөө - ушул Мыйзамга жана белгиленген жол-жоболорго ылайык электрондук төлөө документинин жардамы менен жүргүзүлгөн төлөө.
Электрондук төлөө документи - бул, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү маалымат камтыган жана электрондук цифралык кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөө документинин түрү.
Электрондук төлөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн каржылык жана башка мекемелер - мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланышкан каржылык кызматтарды көрсөтүү ишин жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктар жана башка адистештирилген каржы мекемелери.
2-статья. Ушул Мыйзамдын аракет чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам электрондук төлөөлөрдүн юридикалык статусун белгилейт жана Кыргыз Республикасында электрондук төлөөлөрдү жүргүзүү процессинде келип чыккан өз ара мамилелерди жөнгө салат.
2. Эл аралык электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана мындай төлөөлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылуучу электрондук төлөө документтерине карата талаптар (форматтары, электрондук цифралык кол тамгаларды түзүү жол-жобосу, аныктыгын тастыктоо жана коопсуздугун камсыз кылуу жол-жобосу) тиешелүү келишимдердин негизинде белгиленет.
3. Ушул Мыйзам почта жана телеграф которууларын жүргүзүүдө колдонулбайт жана анда келип чыккан мамилелерди жөнгө салбайт.
3-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу мамилелердин жөнгө салынышы
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын төлөө тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салууга байланышкан милдеттерди аткарат.
Өз милдетин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү белгилейт:
- электрондук төлөө документтеринин форматтарын белгилейт шифрлоо жана электрондук цифралык кол тамгалардын программалык-техникалык каражаттарына карата талаптарды, ошондой эле банктар аралык эсептешүү жол-жоболорун аныктайт;
- электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга карата коюлган минималдуу талаптарды, коргоонун тигил же бул чараларынын колдонулушун, электрондук цифралык кол тамгаларды жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо жол-жоболорун белгилейт. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары келишимдерде милдеттүү түрдө белгиленген (минималдуу) талаптардан тышкары, кошумча талаптарды белгилей алышат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын аймагында электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелерине жана башка мекемелерге лицензиялар берүүчү жана алардын ишин жөнгө салууну ишке ашырат.
4-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелеринин жана башка мекемелердин иши
Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн каржы мекемелери жана башка мекемелер:
электрондук төлөө документтерин алмашып турушкан электрондук цифралык кол тамгалардын ээлерин, ошондой эле электрондук цифралык кол тамгаларды түзүүдө алар колдонулган каражаттарды жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо каражаттарын каттайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө жана талаптарга ылайык, электрондук цифралык кол тамгаларды түзүүгө арналган каражаттардын эталондорун жана электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктаган күбөлүктөрдү, ошондой эле ошол каражаттардын документтеринин эталондорун сакташат;
- эксперт катары чыгышат жана электрондук төлөө документердин жардамы менен накталай эмес төлөөлөрдү жүзөгө ашырышкан юридикалык жана жеке жактардын сурамдары боюнча электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча корутундуларды беришет.
5-статья. Электрондук төлөөлөр тууралу мыйзамдар
1. Электрондук төлөөлөр тутумунун катышуучуларынын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары, ошондой эле эки тараптуу, көп тараптуу макулдашуулар жана келишимдер аркылуу жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын электрондук төлөөлөр тутумунун катышуучулары үчүн аткарылышы милдеттүү болгон электрондук төлөөлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ченемдик актыларды чыгарат.
II Бөлүм Электрондук төлөөлөр
6-статья. Электрондук төлөөлөрдүн укуктук статусу
1. Тараптардын ортосундагы накталай эмес эсептешүүлөр электрондук төлөөлөр формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Электрондук төлөөлөр макулдашуу же келишимдин негизинде, байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүчүдөн алуучуга электрондук төлөө документтерин жөнөтүү менен жүзөгө ашырылат. Телефон каналдары, телеграф же телекс каналдары, радио каналдары жана спутник байланыш каналдары, ошондой эле мекемелердин өздөрүнүн өткөргүч жана кабелдик байланыш каналдары, байланыш каражаттары катары пайдаланылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамга ылайык, электрондук төлөөлөр тутумунун катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана (же) алуучу болушу мүмкүн.
3. Форматы боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын тастыктоо жол-жоболоруна ылайык жүргүзүүнүн электрондук цифралык кол тамга менен бекемделген электрондук төлөө документи, коюлган талаптарга жараша күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү төлөө документтеринин түп нускасын юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ болот жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары каралууга тийиш.
7-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча макулдашууга же келишимге карата коюлуучу талаптар
1. Электрондук төлөөлөр эсептешүүгө катышуучулардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Макулдашуу же келишим жүзүндө түзүлүүгө жана минимум дегенде төмөндөгү негизги элементтерди камтууга тийиш: эсептешүүдө колдонулган эсептешүү документтеринин түрү; электрондук төлөөлөрдү коргоо боюнча (коопсуздук тутуму) милдеттенмелерин камтыган, тараптардын укуктары жана милдеттери; электрондук төлөөлөрдү жөнөтүүнүн жана кабыл алуунун тартиби жана жол-жоболору; электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо жол-жоболору; берилген документтердин аныктыгынын тастыкталышын талап кылуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон, которулуп жаткан акча суммасынын чек коюлган өлчөмдөрү; операцияларды ишке ашыруу үчүн акынын өлчөмү; электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууда келип чыгуучу тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтердин бөлүштүрүлүшү; талаштуу маселелерди сот органдары аркылуу чечүү жол-жобосу жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана башка маселелер.
8-статья. Электрондук төлөө документи
1. Электрондук төлөө документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык толтурулган баштапкы кагаз жүзүндөгү төлөө документинин негизинде даярдалат.
2. Чекене төлөөлөрдү ишке ашырууда, кагаз жүзүндөгү баштапкы төлөө документтери катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык даярдалган, төлөөнү жүзөгө ашырылышынын фактысын күбөлөндүргөн документтер (кассалык чектер, дүмүрчөк ж.б. у.с.) пайдаланылат.
3. Электрондук төлөө документи кагаз жүзүндөгү баштапкы төлөө документинин төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык реквизиттерин камтыйт, белгиленген форматта болууга жана электрондук цифралык кол тамга менен тастыкталууга тийиш.
4. Электрондук төлөө документи Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген формадагы электрондук төлөө документинен алынгандыгы жөнүндө ырастоо алынган учурдан тартып, берилген деп эсептелет.
5. Электрондук төлөө документинин негизинде электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынган айрым ченемдик-укуктук актылар аркылуу жөнгө салынат.
III Бөлүм Электрондук төлөөлөрдүн коопсуздугу
9-статья. Электрондук төлөөлөрдүн коопсуздугуна карата талаптар
1. Маалымат тутумуна санкцияланбаган кирүү коркунучун төмөндөтүү жана аны ишке жөндөмдүү абалда күтүү максатында, электрондук төлөөнүн катышуучулары контролдоонун жана кабарларды башка бирөөнүн алуусуна, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, аларды жоготуп жиберүүгө же жок кылууга каршы коргоонун белгиленген талаптарын сактоого, ошондой эле электрондук төлөө документтеринин аныктыгын тастыктоо боюнча белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.
2. Электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды алмашуунун технологиялык процесстеринин бузулушуна, программалык камсыздоолорду пайдаланууга, автоматташтыруунун техникалык каражаттарын колдонууга, табигый жана жаратылыш факторлоруна жана башкаларга байланышкан коркунучтар келип чыгышы мүмкүн. Электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда келип чыккан коркунучтар боюнча жоопкерчилик келишимде каралат.
10-статья. Электрондук төлөөлөрдүн корголушу
1. Электрондук төлөө документгерин берүү үчүн криптографиялык коргоонун сертификацияланган тутуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электрондук төлөө документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга карата белгиленген минималдуу талаптар сакталган жана башка коопсуздук чаралары пайдаланылууга тийиш.
Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөөлөрдүн корголушуна байланыштуу кошумча каражаттарды жана ыкмаларды белгилеши мүмкүн.
2. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары жөнөтүүчү купуялуу катары классификациялаган маалыматтарды камтыган которуулардын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуялуу катары аныкталган билдирүүлөрдүн жашырындуулугун камсыз кылууга тийиш.
Бул билдирүүлөрдү ачып окууга жана үчүнчү жакка берүүгө болбойт жана алар арналган максаттардан бөлөк, эч бир башка максаттарга пайдаланылбайт.
Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык сот, тергөө жана салык органдарынын сурамдары боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары коопсуздуктун жана купуялыктын белгиленген чараларын аткарбагандыктары же талаптагыдай эмес аткаргандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган жоопкерчиликке тартылышат.
IV Бөлүм Корутунду жоболор
11-статья. Электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүдө келип чыккан талаш-тартыштардын каралышы
Электрондук төлөөлөрдү жүргүзүүдө келип чыккан талаш-тартыштар тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет, ал эми макулдашууга жетишилбегенде сот тартибинде чечилет.
12-статья. Электрондук төлөө документтерин сактоого жана каттоого карата коюлуучу талаптар
1. Электрондук төлөөлөрдүн катышуучулары кагаз жүзүндөгү эсептешүү документтерин колдонуу менен которуудагы мөөнөттөрдө жана андагы шартгарды сактоо менен жүргүзүлгөн, ошондой эле ар кандай негиздер боюнча аяктала элек төлөөлөр жөнүндө маалыматты каттоону жана сактоону, анын ичинде акча каражаттарын которуу боюнча операциялардын жасалгандыгын (аяктала электигин) документ түрүндөгү ырастоону даярдоону камсыз кылууга милдеттүү.
2. Электрондук төлөөлөр тууралу маалыматтарды сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кагаз жүзүндөгү документтердин сакталышы үчүн белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде, ошол маалыматтардын бүтүндүгүн жана өзгөрүүсүз калуусун камсыз кылууга тийиш.
13-статья. Мыйзамдын колдонууга киргизилиши
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартын күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |