Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 5/9
Алма бак тигүү максатында жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл окмотунун Жоон-Арык суусунун Кармоцех участкасына кеткен жолдун жээгинин Күн-Чыгыш тарабындагы башка жерлер категориясында турган (прочие) жерден алма бак тигүү максатында жер аянтын бөлүп берүү боюнча Көк-Жар Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кок-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жоон-Арык суусунун Кармоцех участкасына кеткен жолдун жээгинен Күн Чыгыш тарабындагы башка жерлер категориясында турган ( прочие) жерден алма бак тигүү максатында 7,0 га ( жети гектар) жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Алма бак тигүү максатында арыз менен кайрылган Көк-Жар айылынын тургундарына жер аянты бөлүнүп берилсин жана жер аянттын максаттуу пайдалануу жагы арыз ээлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Сабыржановко милдеттендирилсин.
Төрага | С. Ибраева |