Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 1
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
Кара-Коюн айыл аймагынын Жайыт комитетине АРИС аркылуу мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү программасынын алкагында келүүчү 3-транштык грантка комбайн алууга карата айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИС аркылуу мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү программасынын алкагында келүүчү 3-чү транштын грантынын 29 миң АКШ долларына комбайн алууга жумшалсын.
-Бул долбоорго өздүк салым айыл өкмөттүн бюджетинен берилсин.
2. Жайыт комитетине АРИС аркылуу мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү программасынын алкагында келүүчү 3-чү транштын грантынын калган суммасын Ичке жайлоосунан маданий жайыттарды калыбына келтирүүгө жумшалсын.
-Бул долбоорго өздүк салым айыл өкмөттүн бюджетинен жана жайыт пайдалануучулардан берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө, төрага Ш.Апысовго калтырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |