Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 2
Кара-Коюн айыл аймагында жазгы айдап-себүү, көчүп- конуу боюнча тарифтерди бекитүү боюнча айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылындагы малчыларга мал кошуунун баалары төмөндөгүдөй
Баада бекитилсин:
-бодо малга 150сом
-майда жандыкка бир айга жайы кышы 30сом
-кочкор кошуу 100 сом
Жайыт акыны малчы малдын ээсинен 10сомдон, уйчу малдын ээсинен 50 сомдон чогултуп бергенге милдеттүү болсун.
2. Кара-Коюн айыл аймагында орто жайытка көчүү 20-апрелге чейин, алыскы жайытка көчүү 10-июнга чейин болуп белгиленсин.
Күзүндө келүү 1-октябрдан кийин, айылда калган уйларды бадага чыгаруу
10-майдан баштап чыгарылсын деп белгиленсин.
-Күзүндө эрте келген малчыларга чара колдонулаары эскертилсин.
-Эгинге кирген малдын ээсине ар бир башына 500 сом айып салынсын.
3. Жазгы айдап себүүнүн баалары төмөндөгүдөй болсун:
-дың жерди айдоо 1000 сом
-аңыз жерди айдоо 800 сом
-себүү 500 сом
-тырмоо 500 сом
4. Жазында, күзүндө айыл өкмөтүнө тиешелүү пандаларды иштетүү жагы
веет.сервис Салбаев Бакытбекке берилсин.
5.Жайыт комитетинин көчмө кыркын пункту элге кызмат көрсөтүүсү ар бир баш
Койго 25сом болуп бекитилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |