Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 4
Айыл өкмөтүнүн эсебине чет элдик мергенчиликтен түшкөн 382,5 миң сом акчага каражатына жайлоо бала-бакчаларын уюштурууга бала-бакчаларга боз үй жана керектелүүчү инвентарь алууга, Кара-Булуң айылын ички көпүрө салу үчүн асбет трубаларды алуу тууралуу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн эсебине чет элдик мергенчиликтен түшкөн 382,5 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй максатта жумшалсын;
Жайлоо бала-бакчасын уюштуруу максатында:
-«Сезимтал» бала-бакчасына 1 кыргыз боз үй, 1 кытай боз үй алууга -210,5 миң сом,
жана жайлоо бала бакчасын уюштуруу учун керектуу инвентарь алууга - 65,0 миң сом
-«Кара-Булуң келечеги» бала-бакчасына 1 кытай боз үй алууга - 30,0миң сом жана жайлоо бала-бакчаларын уюштуруу үчүн керектүү инвентарь алууга 35,0 миң сом.
-Кара-Булуң айылына ички жолдорго көпүрө салууга асбест трубаларды алууга- 42,0 миң сом
2. Бала-бакчаларга алынган боз үйлөр айыл өкмөтүнүн маданий иш-чараларына суралган убакта берилип турсун.
3. «Кара-Булуң келечеги» бала-бакчасына жана «Сезимтал» бала-бакчаларына кошумча 200 миң сом план тапшырма суралсын(атайын каражат үчүн).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Р. Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |