Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 65
Мырза-Аке айылы үчүн суу тармагын реабилитациялоо курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын ,”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын жашоочуларын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүү менен бирге “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын техникалык базасын чыңдоо максатында Европалык өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан 29 % ин АКШ долларга , кредит эсебинде, Евросоюз каржылоо банкынан 71 % ин АКШ долларга, насыя алууга макулдук берилсин.
2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн , “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын жана Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын ортосунда Субкредиттик келишимдерди түзүүгө макулдук берилсин.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкулов айыл калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акчанын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору К.Аширбековко айыл калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен тыгыз байланышта иштеп ,алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук турмушка ашыруу жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |