Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну№ 66
ЖЧК “Токошев”ишканасына Жазы дарыясынын жээгинен шагыл казып алууга жер участкасын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,Айыл ,жер ,суу чарба,өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жазы дарыясынын жээгинен “Токошев” ЖЧК ишканасынын директору К.Токошевке берилген №4060 ТЕ 13.04.2015-ж лицензиясынын негизинде жана лицензия берилген жердин аянты 4,4 га жана төмөнкү координаттан
№ № точкасы | X | Y | №№ точкасы | X | Y |
1 | 13368740 | 4516035 | 3 | 13368962 | 4516165 |
2 | 13368895 | 4516270 | 4 | 13368838 | 4515839 |
шагыл казып алууга 2021-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу
уруксат берилсин.
2. Экологиялык ,өнөр жай коопсуздуктарын , жер кыртышын пайдалануу жана коргоо талаптарын сактоо жана салык төлөмүн өз убагында
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүп туруу “Токошев” ЖЧК ишканасынын директору К.Токошевке милдеттендирилсин.
3. Убактылуу берилген жер участкасынын максаттуу пайдаланылып жаткандыгын жана коопсуздук нормаларынын так сакталып жаткандыгын тыкыр көзөмөлдөө, айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |