Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 67
Улуу Ата–Мекендик согуштун катышуучусу Бакиров Маманын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,социалдык маселелер,жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Бакиров Маманын ысымы Ныязалы көчөсүнүн I, II бурумуна ыйгарылсын.
2. Бакиров Маманын уул-кыздары көчөнүн көйгөйлүү маселелерин ар дайым чечүүнү, азыркы учурда көчөнүн жашоочуларынын мүдөөлөрүн орундатууну өз моюндарына алып жатканы белгиленип, аткаруу милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |