Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 68
Мырза-Аке айылынын Аксакалдар сотунун төрагасы Жусубалиев Табылдынын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,социалдык маселелер,жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жусубалиев Табылдынын көп жылдар боюу мамлекеттик жооптуу кызматтарда ,үзүрлүү эмгектенгендигин жана мамлекеттик сыйлыктар менен бир нече жолу сыйлангандыгын, айыл элинин юридикалык маселелерин чеүүдө өз кесипкөйлүгүн көрсөтүп келе жаткандыгын эске алып, Нооруз көчөсүнүн мурдагы гараж тарабына ысымы ыйгарылсын.
2. Жусубалиев Табылдыга жана анын уул-кыздарына көчөнүн көйгөйлүү маселелерин ар дайым чечүүнү, азыркы учурда көчөнүн жашоочуларынын мүдөөлөрүн орундатууну өз моюндарына алып жатканы белгиленип, аткаруу милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |