Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 69
Кичи футболь аянтынын аренда акысын азайтуу боюнча арыз жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи футболь аянтынын аренда акысы айына 20 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана кичи футболь аянтынын ,спорт зал менен стадиондун ремонтун толук жасоо арендаторго милдеттендирилсин.
2. Кыш мезгилинде кичи футболь аянты пайдаланылбагандыгы эске алынсын.
3. Арендага берилген убактан тартып 2017-жылдын июнь айына чейинки аренда акыны толук төктүрүү ишин алып баруу ,айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловко жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |