Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 70
К.Датка көчөсүнүн автожолун жамоо жана жамоого жараксыз бөлүктөрүн тегиз асфальттоону суранган жашоочулардын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Датка көчөсүнүн жашоочуларынын автоунааларынын запастык бөлүктөрүнүн, ал жолдон өткөн кезде сынып, иштен чыгып жаткан даттанууларынын,жолдун эскилиги жетип , олуттуу оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин эске алып ,азыркы түзүлгөн өзгөчө кырдаал учурунда кийинки жылдын бюджетинин эсебинен асфальттоо иши үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Асфальттоо ишинин сапаттуу жүргүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |