Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 71
Мырза-Аке - Кара-Шоро жолунда көмүр көмүр ташып жаткан транспортторду көзөмөлгө алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункттун жетекчиликке алып,Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке - Кара-Шоро жолунда Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жеринен , көмүр көмүр ташып жаткан транспортторду көзөмөлгө алуу үчүн, пост уюштурулсун жана кароолу коюлсун.
2. Пост уюштурууга ,кароолчунун акысын төлөп берүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Джусупов |