Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 6
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн түзүлгөн бюджетин аткарылышы 2017-жылга Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн түзүлгөн бюджетин аткарылышы 2017-жылга Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исажановдун Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы 2017-жылга кирешелер бөлүгү 13481,8 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү 13481,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (атайын каражаттарды кошкондо)
3. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө кирешелер бөлүгү чегерүүлөр 2017-жылга №и 1 тиркеме.
4. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн чыгашалар бөлүгү 2017-жылга № 2 тиркеме
5. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинин долбоорунун кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 2018-жылга 13443,8 мин сомго аныкталсын.
6. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 2019-жылга 13824,9 мин сомго аныкталсын. (атайын караттарды кошкондо)
7. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондуна чегерүү, тамак-аш аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
8. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырсын.
төрага | М.Шамшиев |