Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 10
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын тургундарынын арызын карап чыгуу жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын тургундарынын арызын жана саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 31-январындагы чечимин карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Достук айылынын А.Орозбековдун 120 жылдыгы орто мектебине Ооган согушунда курман болгон «Сайдилла Каримовдун» наамы берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кадамжай райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Гайбуллаевтен суралсын.
3. Мектептин атын Ооган согушунун катышуучусу «С. Каримовдун» атына өзгөргөндүгүнө байданыштуу иш кагаздарын, мөөр штамптарын жаңылоо жагы ата-энелер комитетине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Шамшиев |