Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 11
«Кыргыз Республикасынын Прьемер-министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы №18-145 протоколдук тапшырмасын жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 10-январь 2016-жылдагы № 1-17/07-б буйругуна ылайык «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалынын 2017-жылдын 04-январындагы № 1 – катына негиз Кадамжай райондук филиалы иштетип жаткан Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги бөлмөнү филиалдын балансасына мөөнөтсүз пайдалууга өткөрүп берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Прьемер-министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы №18-145 протоколдук тапшырмасына жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 10-январь 2016-жылдагы №1-17/07-б буйругуна ылайык «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалынын 2017-жылдын 04-январындагы №1 – катына негиз Кадамжай райондук филиалы иштетип жаткан Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги бөлмөнү филиалдын балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 25 ч/м бөлмөсү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалынын балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берилсин.
2. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 25 ч/м бөлмөсү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук филиалынын балансасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы М. Исажановко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Шамшиев |