Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 12
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүнгүү программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртөөлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатына ылайык Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо - АРИСтин «Айылды инвестициялоо –3» долбоору алкагында айылдык Кенештин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, жумушчу топ, коомчулук, айыл Өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери менен биргелешип иштелип даярдалган Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга Стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү айыл аймагынын жалпы коомдук угуу чогулушунун 2017-жылдын 30-январындагы чечиминин негизиндеги маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын жалпы коомдук угуу чогулушунун 2017-жылдын 30-январындагы чечимине ылайык сунушталган Марказ айыл Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен даярдалган Марказ айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасы жактырылсын.
2. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген өзгөтүүлөр жана толуктоолорго ылайык мындан ары «Марказ айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга Стратегиялык өнүгүү программасы» деген аталуу менен бекитилсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык Марказ айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга Стратегиялык өнүгүү программасын ишке ашыруу айыл Өкмөтү аткаруу органы жана айылдык Кенештин туруктуу комитеттери тарабынан колго алынсын.
4. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И. Исмаиловко жүктөлсүн.
Төрага | М.Шамшиев |