Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 15
Марказ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин ижара акысын төлөбөгөн ижарачылардын жер аянттарын кайра айыл өкмөтүнө алуу жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин ижара алып 2016-жылга ижара акыларын төлөбөгөн ижарачылардын жер аянтарын мөөнөтүнөн мурда айыл өкмөтүнө алуу боюнча айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 23-мартындагы чечимин карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алган төмөнкү ижарачылардын жер аянттары кайтарылсын.
1. Сайдуллаева Бурайма - 13 га жер аянты .
2. Тешебаева Кыздаркан - 1,0 га жер аянты .
3. Темиров Болотбек - 12 га жер аянты .
2. Марказ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө алынган жер аянттар кайра аукционго коюлуп ижарага берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Марказ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Марказ айыл аймагынын айылдык Кенешинин айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |