Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 16
Марказ айылынын түштүк жагындагы Кожо-Кайыр чон сайындагы 50,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Марказ айылынын түштүк жагындагы Кожо-Кайыр чон сайындагы 50,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндөгү айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган чечимин карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айылынын түштүк жагындагы Кожо-Кайыр чоң сайындагы 50,0га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Марказ айыл аймагынын айылдык Кенешинин айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |