Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 19
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Көк-Талаа айылынын тургундары Жумаев Исраилдин жана Абылкасымов Гыяздын арыздарын карап чыгуу жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Көк-Талаа айылынын тургундары Жумаев Исраилдин жана Абылкасымов Гыяздын арыздарын негизинде айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып кабыл алган чечимин талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кенешинин 5-чакырылыштагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 25-апрелиндеги чечими күчүндө калтырылсын.
2. Марказ айыл аймагындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштын 01-апрель 2017-жылдагы кабыл алынган № 19-токтомуна макул эмес тараптар жогорку органдарга кайрылуу жагы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук адам укугун коргоо этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн
Төрага | М. Шамшиев |