Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 23
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн КБФсундагы ижарага берилген жерлердин ижара акысын төлөбөгөн атуулдарга чара көрүү жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн КБФсундагы ижарага берилген жерлердин ижара акысын төлөбөгөн атуулдарга чара көрүү жөнүндөгү айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүндөгү КБФсундагы айдоо суугат, айдоо кайрак жерлерди ижарага алып ижара акысын төлөбөгөн атуулдардын жерлери КБфсуна алынсын, аукциондун негизинде ижарага берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап аукцион өткөрүү жагы Марказ айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Ш. Абдуллаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |